Муфтият Чубак Жалилов менен депутат Жанар Акаевди элдешүүгө чакырды

© Фото / Белек НурлановМуфтият. Архив
Муфтият. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Чубак Жалиловдун оюн тең бөлүшө албастыгын билдирди.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы кайым айтышкан Чубак Жалилов менен Жанар Акаевди элдешүүгө чакырып, жеке амбициянын дайыма коомдук кызыкчылыктардан төмөн болуусу шарт экендигин айтты. Бул туурасында муфтият расмий билдирүү таратты.

"Ошол себептен тараптарды да элдешүүгө чакыруу менен, бул билдирүү болгону жеке кишинин жеке пикири экендигин эсиңиздерге салгыбыз келет. Бизге зарыл нерсе бул – коомдук тынчтык жана туруктуулук. Жеке амбиция же кызыкчылыктар дайыма коомдук кызыкчылыктардан төмөн болуусу шарт", — деп билдирди муфтият. 

Мечитте намазга келген мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаназа. Намаз. Коомчулукту экиге бөлүп чуу салган мыйзам долбоору
Жума намазы үчүн түштөнүү убактысын бир саатка узартуу боюнча депутат Тазабек Икрамов сунуштаган мыйзам долбоору тармактык комитетте колдоо тапкан эмес. 

Буга ачуусу келген аалым Чубак ажы Жалилов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына каршы чыккан депутаттарга "Бир дасторкондо олтурбастыгын, алар менен кол адышпай турганын, жаназасына турбастыгын жана анын жаназасына келип калса, аларды катыштырбоону мураскерлерине осуяттай тургандыгын" жазган эле. 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирди. 

"Жума намазы ар бир мусулман үчүн парз амал. Бул талашсыз маселе. Ал эми мыйзам чыгаруучу тараптан бул долбоор колдоо таап, кабыл алынган болсо, диний башкармалык катары жалпы элге түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн терең ыраазы болобуз",— деп айтылат таратылган маалыматта.

Муфтият аалым Жалиловдун айткандары менен макул эместигин билдирди.

"Ал эми Чубак Жалиловдун айткандары жеке кишинин пикири экендигин дагы бир жолу белгилөө менен бирге, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул ойду тең бөлүшө албастыгын билдирет", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловго расмий эскертүү берди

Учурда бул эки жаранга жана алардын ишмердүүлүгүнө кайдыгер карабаган коомдун өкүлдөрү диний аалым менен депутаттын айткандарына өздөрүнүн сын-пикирлери менен кубаттоолорун билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0