Оңдоо иштери. Архив

Бишкекте эскилиги жеткен жылуулук түйүндөрү алмаштырылууда

16
Шаар тургундарынын үйүнө ысык суу графикке ылайык берилет.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Борбор калаада эскилиги жеткен жылуулук түйүндөрүн жаңыртуу иштери жүрүп жатканын шаардык мэрия билдирди.

Жарылган ысык суу куурунан чыккан суу беш метрге жетип, 20 мүнөттөй ат
© Видео / очевидца Айбарчын Ураимовой, отправленное по Whats App-каналу
Маалыматка ылайык, учурда шаардык оорукананын казан мешинин 310 метрге жеткен түйүнү алмаштырылып бүттү.

Мындан тышкары, Жумабек көчөсүнөн Рыскуловго чейинки Ала-Арча көчөсүндөгү оңдоо иштеринен улам аталган бөлүктө жол кыймылына чектөө киргизилген. 

Жылуулук түйүндөрүнүн оңдолушу 10-июнга белгиленген ысык суунун берилишине эч кандай таасир тийгизбейт.

16
Белгилер:
ысык суу, жол, түйүн, жылуулук
Тема боюнча
Ысык аба ырайынын улам Чүй облусунда дарыялар эгин талааларын каптоодо
Бишкектиктерге ысык суу 10-июндан тарта бериле баштайт
Лаборатория кызматкерлери. Архив

Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгарып, ДССУда талапкер болуп катталды

5
(жаңыланган 21:13 22.09.2020)
Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Казакстан коронавируска каршы колдонулуучу вакцина иштеп чыгып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна талапкер катары каттады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Аталган препарат ийнесиз колдонулуп, мурунга чачыла турганы белгиленет.

Иштеп чыгуу процессине катышып жаткан казакстандык профессор Кайсар Табынов учурда вакцина жаныбарларга сыналып жатканын билдирген.

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат

Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат. Анын ичинен үчөө клиникага чейинки сыноо стадиясында турса, бирөө ыктыярчыларга сынала баштаган.

5
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Казакстан, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчи кимдер алат
ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты
Жайлоо. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

9
(жаңыланган 21:03 22.09.2020)
23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл менен Нарында 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Шаршемби күнү, 23-сентябрда, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жамгыр, кар, бийик тоолуу жерлеринде кар жаайт. Талас, Баткен облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +13...+18 градус болот.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +21...+23, Ош калаасында +24...+26 градуска көтөрүлөт.

9
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Күн сууктайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы