Ошто июнь окуялары эскерилип жатат

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОш шаары июнь окуяларынан кийин. Архив
Ош шаары июнь окуяларынан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан алты жыл мурун Ошто этностор аралык араздашуу болуп, андан 400дөн ашуун киши каза болгон.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ош шаарында бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда июнь окуялары эскерилип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдирди. 

Эскерте кетсек, мындан алты жыл мурун Ош аймагында улут аралык араздашуу болуп, андан 400дөн ашуун адам каза болгон.

Сулайманкуловдун айтымына караганда "Энелердин көз жашы" монументалдык эстеликтин алдына гүлчамбарлар коюлду. 

"Ош шаарынын мэри, вице мэри, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү жана июнь окуяларында жакындарын жоготкондор менен жабыр тарткандар чогулушту. Эстеликтин алдында куран окутулду", — деп билдирди Сулайманкулов.

Ал билдиргендей бийлик өкүлдөрү июнь окуяларынан жабыркаган жарандардын акыбалын сурап, куран окутуу үчүн алардын үйлөрүнө жөнөп кетишти. Орозо айы болгондуктан иш-чара ошону менен аяктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0