Ийилип турган кишинин Көл жээгине орнотула турган 10 метрлик айкели кандай көрүнөт

© flickr.com / Thomas DepenbuschЫсык-көл. Архив
Ысык-көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Кореянын өкүлдөрү Ысык-Көлдүн жээгине статуя орнотууну пландап жатышат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы көл жээгине орнотула турган узундугу 10 метр болгон статуянын сүрөтүн жиберди. 

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской областиЫсык-Көл жээгине орнотула турган узундугу 10 метр болгон статуянын сүрөтү
Эскиз 10-метровой статуи, которую планируют установить на побережье Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл жээгине орнотула турган узундугу 10 метр болгон статуянын сүрөтү

Буга чейин өкүлчүлүктүн жетекчиси Асхат Акибаев Түштүк Кореянын КРдеги элчилиги менен аталган аймактан келген компания өкүлдөрү менен жолуккан. Алар Greetingman — меймандостук, тынчтык жана ынтымактын 10 метрлик белгисин орнотууга ниеттенгенин айтышкан. 

"Кореялыктар биздин менталитетти эске алышты. Эстеликтеги эркек кишинин уяттуу жерлери көрсөтүлбөйт. Greetingman дүйнөнүн 15 өлкөсүндө орнотулгандай жылаңачтанып турбайт",— деп айтышты өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан. 

Анын узундугу 10 метрге жетет, азырынча аны кайсыл жерге орнотуу так чечиле элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0