Бишкектеги "Дельфин" бассейни 1-октябрга карата оңдолуп бүтөт

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарындагы "Дельфин" бассейни
Бишкек шаарындагы Дельфин бассейни - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштерин жалпы суммасы 47 миллион сомду түзөт.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ушул жылдын 1-октябрына карата Бишкек шаарындагы "Дельфин" бассейни оңдолуп бүтөрүн мэр Албек Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, тендер өткөрүлүп ишти бүткөрө турчу тарап аныкталган. Оңдоо иштеринин жалпы суммасы 47 миллион сомду түзөт.

"Иш башталды. 1-октябрга карата бассейнди ишке киргизебиз", — деди ал.

Ибраимов ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын бассейндин учурдагы директорун кызматтан алуу талабы боюнча жооп берип жатып, тийиштүү чаралар көрүлөрүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0