Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери кан тапшыруу учурунда

Унаанын жарылышынан жабыркагандар үчүн милиционерлер 20 литр кан тапшырышты

40
(жаңыланган 16:31 10.06.2016)
6-июнь күнү газ ташуучу унаа жарылыпандан 11 киши жабыркаган.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери 6-июнда Фучик көчөсүнө жакын жайгашкан жолдон жарылган газ ташуучу унаадан каза болгондорду эскерди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгы билдирди.

Эскерте кетсек, 6-июнь күнү газ ташуучу унаа жарылып, андан 11 киши жабыркаган. Күйүп калгандардын алтоо оор абалда №4 оорукананын реанимациясына жаткырылган. Кийин алардын үчөө каза болгон

Медициналык кароодон өткөн милиция кызматкерлери 20 литрден ашык кан тапшырышты.

40
Белгилер:
кан тапшыруу, газ, милиция, жарылуу
Тема:
Фучик көчөсүндөгү газовоздун жарылуусу (27)
Тема боюнча
ШИИБ: газ ташуучу унаанын жарылуусуна жеңил машина себепкер болушу мүмкүн
Өкмөт унаанын жарылуусунан жабыркагандардын дарылануусуна 200 миң сом бөлдү