Кадыр Маликов өзүнө кол салган кишиге ырайым кылмактыгын айтат

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү аалым Кадыр Маликов. Архив
Белгилүү аалым Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дин таануучу өмүр бою абакка кесилген Алибек Тилек уулун мурда эле кечиргенин билгиледи.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Теолог Кадыр Маликов өзүнө кол салган Алибек Тилек уулуна ырайым кылуу ою боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту коомдук ишмер, теолог Кадыр Маликовго кол салган Алибек Тилек уулун өмүр бою абакка кесүү боюнча өкүм чыгарган.

Маликов өмүр бою абакка кесилген Тилек уулун мурда эле кечиргенин айтып, эч кандай доосу жок экенин белгиледи.

"Ал Түркиядан кармалгандан кийин эле мен чыныгы мусулман катары аны моралдык жактан кечиргем. Аркы дүйнөдө ага жеңил болор, бирок бул дүйнөдө ал кылган иштерине жооп бериши керек", — деди Маликов.

Ал ошондой эле Тилек уулуна ырайым кылуу жөнүндө ойлонгонун кошумчалады.

"Эгер ал кетирген катасына чын жүрөктөн кайгырып, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун радикалдык көз караштарынан жана идеологиясынан баш тартканда мен ага ырайым кылуу боюнча тосмо арыз бермекмин", — деди ал.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция уюшкан кылмыштуу топтун "Дөө" аттуу мүчөсүн кармады
Маликов ошондой эле ага кол салган жарандын светтик мамлекеттин сотторун тааныбай, "Ислам мамлекети" чыныгы исламды жайылтып жатат дегени жасаган ишине эч кандай кайгырбай турганын далилдеп турарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын аяк ченинде Маликовго белгисиз эки киши кол салып, бетке жана моюнга сайып кеткен. Маликов шаардык 4-оорукананын реанимация бөлүмүнө алып келинип, операция жасалган. Кийинчерээк кылмышка шектүү делгендер Түркиянын Газиантеп шаарынан кармалып, анын бири — Алибек Тилек уулу Кыргызстанга экстрадицияланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0