Улан Үсөйүн: шаардык кыздар бээ саап, кол өнөрчүлүктүн сыры менен таанышат

© Фото / Улан УсойунШаарда туулуп, тили орусча чыгып калган улан-кыздар кыргыздын улуттук маданиятын түбүнөн түшүнүү, айылдын жашоосуна жакындоо үчүн бүгүн Нарын облусуна жөнөп кетти
Шаарда туулуп, тили орусча чыгып калган улан-кыздар кыргыздын улуттук маданиятын түбүнөн түшүнүү, айылдын жашоосуна жакындоо үчүн бүгүн Нарын облусуна жөнөп кетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юрист, дизайнер, блогер, журналист жана студенттерден турган 20 кишилик топ айыл турмушун өздөштүрүү үчүн элди, элетти кыдырып жүрөт.

БИШКЕК, 11-июн.— Sputnik. Шаарда туулуп, тили орусча чыгып калган улан-кыздар кыргыздын улуттук маданиятын түбүнөн түшүнүү, айылдын жашоосуна жакындоо үчүн бүгүн Нарын облусуна жөнөп кетти. Алар элетке барып, жайлоого чыгып, айылдык чал-кемпирлер менен баарлашып, кыргыздын нукура сөздөрүн үйрөнүп кайтышат. Бул туурасында "Көчмөн" коомдук фондусунун өкүлү Улан Үсөйүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кабарлады.

© Фото / Улан УсойунБишкек шаарынын тургундары Нарын аймагынын жашоочусунун боз үйү менен таанышууда
Представитель общественного фонда Кочмон Улан Усойун - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын тургундары Нарын аймагынын жашоочусунун боз үйү менен таанышууда

Айылга сапар фонддун "Мурас" деп аталган долбоорунун алкагында ишке ашып жатат. Алардын арасында ар кыл кесиптин ээлери — юристтер, дизайнерлер, блогерлер, журналисттер жана андан сырткары студенттер да бар.

"Азыр биздин топ 20 кишиден турат. Нарын, Ысык-Көл жана Кемин аймактарында болобуз. 10 күндүн ичинде кыргыздын салттуу билимдери — кол өнөрчүлүк, дары чөптөрдү чогултуп, пайдалана билген шыпаагерлер сыяктуу багыттар менен тааныштыралы деп жатабыз. Мындан сырткары, шаардык кыздар жайлоодон уй, бээ сааганга аракет жасашат. Очокто тамак-аштын кантип бышырылаарын көрүп, жеңелерге кол кабыш кылышат", — деди Улан Үсөйүн.

Кыйналса да кыргыз тилинде сүйлөгөн шаардыктар

Бул сапардын максаты — кыргыздын эзелтеден келе жаткан салттуу билимдерин топтогуларга көрсөтүп, аны шаардык тургундар аркылуу коомчулукка заман талабына жооп берегидей кылып жайылтуу болгон. Тагыраагы, алардын тили менен мындай баалуулуктарды коомчулукка айтып берүүнү көздөшкөн. 

Конференцияда катышып аткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тили "орусча чыгып", кыргызчаны үйрөнүп кеткен атка минерлер
Улан Үсөйүн улуттук маданиятка, анын ичинен кыргыз тилин өздөштүрүүгө, айыл турмушуна кызыгуу тенденциясы күч ала баштаганын айтты. Муну байкагандан кийин "Көчмөндөр" аталган сапарды уюштурууну чечишиптир. 

Айылга барып жашап, бабалардын сакталып калган салттары, адаттары менен таанышууну, дегеле кыргыз тилин өздөштүрүүнү каалагандар үчүн атайын жарыя берилген экен. Каалоочулар көп болуп, алардын ичинен 20 киши тандалыптыр. 

Кызыгы, булардын арасында чет мамлекеттерде иштеп, билим алып келген мекендештербиз бар экен. 

"Алар чет мамлекеттерди көрүп, эми мекендин аймагы менен таанышып, улуттук баалуулуктарды жакындан көрүп-таануу кызыгуусу жаралган өңдүү. Албетте, аларда кыргыз тилине басым жасоо биринчи орунда туруп жатат. Азыр жолдо кетип бара жатканда эле практиканы баштадык. Кыздар кыйналса да, жолдо катар жалаң кыргыз тилинде сүйлөшүп барууну сунушташты. Аракеттер жаман эмес",— деди Улан Үсөйүн.

Бул топ — быйылкы жылдын эсебинен уюштурулган сынамык долбоордун катышуучулары. 

"Бишкек шаарына кайтканыбыздан кийин, акырындап бул долбоордун канчалык майнаптуу болгондугун анализдеп чыгып, жыйынтыгын карайбыз", — деди ал.

Долбоор келерки жылы да уланып, анда конкурстан өткөндөр Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына сапар алууну пландап турушат.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул сапарга чыккандарды "Көчмөндөр" айыл-жайлоолорду бекер кыдыртууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0