Кумтɵр Голд Компани (КГК) ишканасынын кызматкери. Архив

"Кумтөрдүн" чоңдоруна карата кылмыш иши сот чечимин аткарбагандыгы үчүн козголгон

69
(жаңыланган 16:25 13.06.2016)
Аталган ишкана алты жылдан бери кызматкери менен соттошуп утулган. Анткен менен сот чечимин аткарбай келет.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Кумтɵр Голд Компани" (КГК) ишканасынын жетекчилерине соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейин КГК компаниясынын жетекчилерине Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан жаңы кылмыш иши козголгонун аталган ишкананын сайты жазып чыккан. Анда аты аталбаган бир катар жетекчилерине карата жаӊы кылмыш иши козголгонун, аларга кызматтык милдеттерин ашкере пайдаланган, "Кумтɵрдүн" активдерин жоготууга алып барган деген жүйөөлөр менен өлкө кызыкчылыгына зыян келтирүү айыбы тагылганы айтылган

"КГК компаниясы алты жылдан бери Эмгек кодексинин талаптарын аткарбай келет. Анткени 2010-жылы аталган компаниянын кызматкери иш учурунда майып болуп калгандыгы тууралуу сотко доо жазып, утуп алган. Аталган чечим Жогорку сотто каралып, күчүндө калтырылган", — деп жазылат маалыматта. 

Мындан сырткары, КГК ишканасынын жетекчиси Дэниэл Дежарденге карата да кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. 

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы алты жыл ичинде 60 сот отуруму болгонун кошумчалайт. 

69
Белгилер:
сот, кылмыш иши, Кумтөр
Тема:
"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ортосундагы биргелешкен ишкана (71)
Тема боюнча
"Кумтөрдүн" чоңдоруна жаңы кылмыш ишинин ачылышы боюнча маалыматка УКМК эмне дейт?
Өкмөт Centerra Gold Inc. компаниясынын сотко берүү боюнча билдирмесине жооп берди
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

39
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

39
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

65
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

65
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео