Жогорку соттун имараты. Архив

Прокуратура 7-апрель боюнча Аскер сотунун чечиминин үстүнөн Жогорку сотко даттанды

172
(жаңыланган 10:27 14.06.2016)
Көзөмөл жүргүзүүчү орган соттолуп жаткандарга карата мунапыс мыйзамсыз колдонулган деген пикирде.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Прокуратура 7-апрель окуясы боюнча Аскер сотунун чечиминин үстүнөн Жогорку сотко даттанды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-май күнү Аскер соту апрель окуясы боюнча соттолгон Алмазбек Жолдошалиевге, Каныбек Жороев, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Мурат Суталинов, Нурлан Темирбаев жана Данияр Дунгановго карата мунапыс кабыл алган. 

"Аскер соту тарабынан соттолуучуларга карата колдонгон мунапыс мыйзамсыз. Анткени мунапыс кызмат учурунда кылмыш кылгандарга карата колдонулбайт. Мындан улам Башкы прокуратура Аскер сотунун чечими боюнча Жогорку сотко кайрылууда", — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Аскер соту Курманбек Бакиевди, Жаныш Бакиевди жана Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратып, Марат Бакиевди 10 жылга кескен.

172
Белгилер:
Апрель окуялары, даттануу, сот
Тема боюнча
7-апрель: АКШнын сенатору, "Ызаланган сүйүү", баатыр аял
Апрель революциясынан жабыркаган 630 адам жөлөк пул алып келет
Кургатылган өрүк. Архив

Ичегинин иштөөсүн кайсы азыктар жакшыртат? Дарыгердин кеңеши

50
Дарыгердин айтымында, биринчи кезекте суюктукту мүмкүн болушунча көбүрөөк ичүү керек. Адам сууну өзүн-өзү кыйнап ичпеши керек, суусунун кандырса эле жетиштүү.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Россиялык диетолог жана эндокринолог Альбина Комиссарова ичегинин иштөөсүн жакшыртуу үчүн эң оңой ыкмаларды атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Дарыгердин айтымында, биринчи кезекте суюктукту мүмкүн болушунча көбүрөөк ичүү керек. Адам сууну өзүн-өзү кыйнап ичпеши керек, суусунун кандырса болот.

Баса белгилей кетчү жагдай, суусундук деп таттуу ширелерди колдонуу болбойт. Эң жакшысы кадимки эле таза суу.

"Мындан сырткары күнүнө, мисалы, 50 грамм сулу боткосу, жети-сегиз даана кургатылган өрүк, жаңгактан бир ууч, буурчак жана бир аз жашылча-жемиш жесе жетиштүү", — деди дарыгер.

Ошондой эле пробиотиктер ичегинин микрофлорасын жакшыртып, витамин бөлүп чыгарууга, иммунитет бекемдөөгө да көмөктөшөт.

Пробиотиктер биокефирде, айрым биойогурттардын курамында бар. Мындан сырткары туздалган бадыраңда, ачытылган капустада, сырдын гауда, моцарелла, чеддер деп аталган түрлөрүндө да көп экени айтылды.

50
Белгилер:
ден соолук, ичеги, кеңеш, дарыгер, диетолог
Тема боюнча
Тамакты кыйнайт. Дарыгер чоң киши жумасына канча балмуздак жесе болорун айтты
Киши смартфон колдонуп жатат. Иллюстративдик сүрөт

Көчүрбөгүлө! Интернетке Samsung смартфонун иштен чыгарган сүрөт тарады

138
Сүрөттө батып бара жаткан күн, тоо жана көл тартылган. Аны көчүрүп алган соң гаджет кайра-кайра өчүп, иштен чыга баштайт.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Ice Universe деген жашыруун аты бар Twitter колдонуучусу смартфонду буза турган сүрөттү жарыялагандыгын РИА Новости жазды.

"Бул сүрөттү эч качан телефонуңарга жүктөбөгүлө. Экранга коём десеңер жаңылышасыңар. Ал Samsung смартфондорун иштен чыгарат! Эгерде кимдир бирөө жөнөтсө да ачпай кутулуш керек", — деп жазган автор 31-майда.

Сүрөттө батып бара жаткан күн, тоо жана көл тартылган. Бир караганда эч кандай деле көйгөй жаратчудай көрүнбөйт. Анткен менен комментарийлерде ал сүрөттү телефондун экранына коём деп оозун күйгүзгөн кишилер маалыматты тастыкташкан. Сүрөттү смартфонго киргизген соң өчүп, жанып, өзүнөн өзү иштебей калат. Бул бир нече ирет кайталанат.

Ал эми бир катар колдонуучулар аппараттын ичиндеги маалыматтар да жоголуп кеткендигин билдиришкен.

Посттун автору Samsung компаниясы бул маселеге көңүл буруп, атайын жаңылай турган системаны караштырып жаткандыгын айткан.

138
Белгилер:
гаджет, Сүрөт, кооптуулук, Samsung
Тема боюнча
Көрүнгөндү көчүрө бербе! Смартфон аркылуу тыңчылык кылган программалар айтылды
Эркек кызды чачынан тартып жатат. Иллюстративдик сүрөт

1000 сомдун айынан ажал таап... Аялын өлтүргөн эркекке өкүм чыкты

17
Үй-бүлөдөгү чырга эркек кишинин катып койгон акчасынын табылбай калышы себеп болгон. Аял оорукананын жандандыруу бөлүмүндө тогуз күн жатып кайтыш болгон.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жарандык никедеги аялын өлтүргөн эркек киши 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Өкүмгө ылайык, окуя Чүй облусундагы шаарлардын биринде болгон. Үйгө мас болуп келген айыпталуучу келинчеги менен урушуп, аны катуу сабап койгон. Чыр-чатактын келип чыгышына үй ээсинин дасторкон астына катылган 1000 сомун таппай калганы себеп болгон.

Сот отурумунда шектүү күнөөсүн толук мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген:

"Ал күнү аялым экөөбүздүн тең арактан башыбыз ооруп турган. Мен андан мурда берген акчаны жана короого коюп койгон жезди сурасам жок деп жооп берген. Ачуум келип аны бир жолу эле бетке чаап жатып алгам. Бир аз убакыт өткөндөн кийин таанышым келип 500 сомго кык жүктөшүп койчу дегенинен ошол жакка кеткем. Кайра келсем аялым короодо жатыптыр, байкасам жүрөгүнүн согушу сезилбейт. Дароо дарыгерлерди чакырткам", — деген ал.

Баш мээси катуу жабыркаган аял оорукананын жандандыруу бөлүмүндө тогуз күн жатып кайтыш болгон.

Сот айыпталуучуну 7,5 жылга эркинен ажыратып, 90 миң сом айып салды.

17
Белгилер:
Өлтүрүү, адам, кылмыш, өкүм, сот, Кыргызстан
Тема боюнча
Балта менен коркутуп аялыма арак алдырайын дегем... Марттагы соттук өкүмдөр
Интернеттен жигит болуп таанышып, жолукканда кызды бычактаган аялга өкүм чыкты