Туфли кийген кыз. Архив

ШИИБ: бир апта ичинде Бишкек сойкулардан тазаланат

1315
(жаңыланган 13:32 14.06.2016)
Түңкү көпөлөктөрдү тазалоо Правда-Кулатов, Правда-Фрунзе көчөлөрүнөн башталат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бир апта ичинде Бишкек сойкулардан тазаланат. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда Бишкек ШИИБдин жетекчисинин милдетин аткаруучу Самат Курманкулов билдирди.

Анын айтымында, жакында эле аталган маселе жыйында талкууланган. 

"Мен бир апта ичинде Бишкекти сойкулардан тазалоо боюнча буйрук бердим", — деди Курманкулов. 

Ал шаарды сойкулардан тазалоо Правада-Кулатов, Правда-Фрунзе көчөлөрүнөн баштала турганын кошумчалады.

1315
Белгилер:
милиция, сойкулук, Бишкек
Тема боюнча
Снайпер, сойку, стриптизер — "жашыруун" иштеген кыргызстандыктар