ШИИБ: өз өмүрүнө кол салган милиционердин өлүмүнө жетекчисинин тиешеси жок

© flickr.com / Nick Vidal-HallАркан. Архив
Аркан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматкердин өз өмүрүнө кол салышына анын жакындары милициянын 11-шаардык бөлүмүнүн жетекчисин айыпташкан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Свердлов районуна караштуу милициянын 11-шаардык бөлүмүнүн жетекчиси өзүнүн кызматкерин суицид жасоого түрткөн эмес. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Самат Курманкулов билдирди. 

Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда милиционер өз өмүрүнө кол салган 22 жаштагы келинди сактап калды
Буга чейин маалымат каражаттарында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Учар айылында 12-май күнү 26 жаштагы Тынчтыкбек Ахматалиев өзүнүн үйүндө асынып калгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. 

Ал милициянын 11-шаардык бөлүмүндө аймактык милиция кызматкери болуп эмгектенген. 

Маркумдун ата-энеси менен жубайы анын өз өмүрүнө кол салуусуна 11-шаардык бөлүмдүн жетекчиси Талант Аттокуровду себепкер деп айтышкан. 

"Кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Тагылган айып негизсиз болуп чыкты. Себеби Аттокуров февраль айында жумуштан четтетилсе, суицид май айында болгон", — деп билдирди Курманкулов. 

Тынчтыкбек Ахматалиев үйдүн жалгыз уулу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0