"Кумтөр" Кыргызстанды кошумча акча өндүрүүгө аракет кылууда деп айыптады

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАлтын куймасы. Архив
Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Centerra Gold Inc. компаниясы ишканага койгон айыптар жөнсүз деген пикирде Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берген.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын (ЭТКМИ) доо арызы — "Кумтɵр" долбоору боюнча кошумча акча өндүрүү аракети. Бул тууралуу "Кумтор Голд Компани" (КГК) ишканасы билдирди. 

Компаниянын пикиринде мамлекеттик инспекция менен жүрүп жаткан соттук териштирүүлөрдө коюлган талаптар мыйзамсыз. Анткени ишкана эл аралык да, Кыргызстандын да мыйзамдарын бузган эмес. 

"ЭТКМИнин 6 миллиард 698 миллион 878 миң 290 сом суммадагы (болжол менен 98,4 миллион доллары) доо арызында КГК 2000 – 2011-жылдары кен казуудан чыккан таштандыны тɵгүндүлɵр жайында жайгаштыруу үчүн тɵлɵм аткарган эмес деп көрсөтүлүүдө. Иш жүзүндө акы төлөө талап кылынчу эмес", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, маалыматта Курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (КТЧКжТЧМА) да доо арызында "Кумтɵр" экологиялык төлөмдөрдөн карыз деп 15 миллиард 4 миллион 297 миң 963 сомдук (болжол менен 220 миллион доллар) экологиялык зыяндын ордун толтурууну талап койгону айтылат. 

"Кумтөр" тарабынан экологиялык жыйымдарды төлөөдө долбоор иштеп баштаганы жыл сайын ыйгарым укуктуу органдарынан санкция албай же бекитилбей жасалган бир да аракет болгон эмес. Мамлекеттик органдарынын доо арыздары "Кумтɵр" долбоору үчүн инвестициялык макулдашуунун шарттарына карама-каршы келет", — деп жазылат маалымат катта. 

Эске сала кетсек, Бишкек шаардык райондор аралык соту ЭТКМИнин доо арызын канааттандырган. Ал эми КТЧКжТЧМАнын доо арызын эми каралат. Ал ортодо Centerra Gold Inc. аталган доо арыздар боюнча Кыргызстандын үстүнөн эл аралык арбитраждык сотко кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0