Кыргызстандын окуучуларын Кытай эс алууга чакырды. Тизмеге кирүү жолдору

© Sputnik / Александр Юрьев / Медиабанкка өтүүПекин шаары. Архив
Пекин шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программага катышуу үчүн окуучулардын ар кайсы багытта жетишкендиктери болуусу керек. Тандалган окуучулар Кытайда 1-августтан 10-августка чейин эс алышат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын өкмөтү Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен биргеликте окуучулар үчүн жайкы эс алууну уюштуруп жатат. 

Көлмөдө эс алып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт селден жабыркаган үй-бүлөнүн балдары үчүн жайкы эс алуу уюштурат
Программа 14 жаштан 18 жашка чейинки окуучулар арасында уюштурулуп, тандалгандар Кытайдын Үрүмчү же Пекин шаарына барышат. Балдардын тамак-ашы, жаткан жери, шаар кыдыруусуна кеткен чыгымдар Кытай мамлекети тарабынан төлөнүп берилет. 

Жайкы эс алуу 10 күнгө созулат. Программанын алкагында Кыргызстандан 200 адам барат. Алардын ичинде балдарды коштогон мугалимдер менен Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү бар. 

Тизмеге кантип кирсе болот?

Программага катышуу үчүн 20-июнга чейин moin.mo@mail.ru электрондук дарегине окуучунун анкетасын, окуудагы жетишкендигин тастыктаган табель жана ар кайсы багытта жетишкендиги тууралуу сертификат, диплом, грамота сыяктуу сыйлыктарынын көчүрмөсүн жөнөтүү керек. Факс аркылуу (0312) 62-15-37 номерине жиберип же Билим жана илим министрлигинин 211 же 220-бөлмөсүнө алып келип берсе дагы болот. 

Үчкө окуган окуучу болсо дагы анын спорт, ыр, бий жана башка багыттарда жетишкендиктери болсо программадан өтүп кетүүсү ыктымал. 

Аймактагы окуучулардын интернет байланышы жок болсо, облустук Билим берүү башкармалыгына кайрылып жогоруда айтылгандай жетишкендиктери тууралуу сыйлыктардын көчүрмөлөрүн тапшырууга болот. 

Анкетанын үлгүсүн төмөнкү шилтемеден көрүңүздөр.

Программадан өткөн окуучулардан эмне талап кылынат? 

Шаарда туулуп, тили орусча чыгып калган улан-кыздар кыргыздын улуттук маданиятын түбүнөн түшүнүү, айылдын жашоосуна жакындоо үчүн бүгүн Нарын облусуна жөнөп кетти - Sputnik Кыргызстан
Улан Үсөйүн: шаардык кыздар бээ саап, кол өнөрчүлүктүн сыры менен таанышат
Кытайга бара турган окуучулар учакка болгон билет менен медициналык камсыздандырууга (страховка) кеткен каражатты өздөрү төлөшөт. Азырынча Кытайдын Үрүмчү жана Пекин шаарлары каралып жатат. Үрүмчүгө бара турган болушса 500 доллар, Пекинге барып калышса 1000 долларга жакын каражат керектелет. 

Бара турган окуучулардын сыртка чыга турган паспорттору болуусу абзел. 

Белгилей кетсек тандалган окуучулар Кытайда 1-августтан 10-августка чейин эс алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0