Sputnik агенттиги Петербуг эл аралык экономикалык форумдун өнөктөшү болду

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүSputnik маалымат агенттигинин логотиби. Архив
Sputnik маалымат агенттигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 16-18-июнь күндөрү өтөт. Иш-чаранын жүрүшү менен бардык жаңылыктарды күн-түн дебей 30 тилде иштеген Sputnik порталы сунуштап турат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу Санкт-Петербург шаарында өтө турган ХХ Петербург эл аралык экономикалык форумдун маалыматтык өнөктөшү болду. 

Маалыматка ылайык, иш-чара 16-18-июнь күндөрү өтөт. Бул күндөрү Sputnik агенттигинин стендинде радиостудия иштеп, анда саясатчылар, эксперттер жана ири компания жетекчилери талуу маселелерди талкуулайт. Иш-чаранын жүрүшү менен бардык жаңылыктарды күн-түн дебей 30 тилде иштеген Sputnik порталы сунуштап турат.

LIVE: Форум Новая эпоха журналистики: прощание с мейнстримом. День второй - Sputnik Кыргызстан
Путин "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигин мааракеси менен куттуктады
Sputnik ошондой эле Fight Nights деп аталган россиялык мушкер Федор Емельяненко менен бразилиялык оор салмактагы спортчу Фабио Мальдонадо беттешүүсүнүн маалыматтык өнөктөшү болмокчу. Ири иш-чара 17-июнда экономикалык форумдун алкагында өтөт. 

Петербург эл аралык экономикалык форум — экономика жана бизнес дүйнөсүндөгү уникалдуу окуя. Мында Россия, дегеле жалпы дүйнө алдында турган маанилүү экономикалык маселелер талкууланып, форумга 10 миңден ашуун өкүл катышып келет.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0