Жээнбеков жол тилкесин жеп кеткен Чу дарыясынын жээгин бекемдөөнү тапшырды

© Sputnik / Таалай ОроскуловЖол тилкесин жеп кеткен Чу дарыясы
Жол тилкесин жеп кеткен Чу дарыясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин суу Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун бир бөлүгүн жууп кеткен.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Чу дарыясы жээгин алып кеткен аймак менен жеринен таанышты. 

Эске сала кетсек, Чу дарыясы нугунан көтөрүлүп, Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун бир бөлүгүн жеп кеткен.

Экскаватор. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Ысык-Көлдө селден коргонуу үчүн бардык күч тартылууда
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, окуя 9-июндан 10-июнга караган түнү болгон. Күндүн ысыгынан улам мөңгүлөр эрип, Чу дарыясынын ташкындоосуна алып келген. 

Премьер-министр Жээнбеков Чүй облусунун губернатору Бактыбек Кудайбергеновго, ӨКМ жана Коммуникация жана транспорт министрлиги менен биргеликте маселени тез арада чечүүгө жана дарыя жээктерин бекемдөө боюнча тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0