Жогорку Кеңештин алдында жергиликтүү тургундардын митинги

Бишкектиктер бекитилбеген долбоор боюнча курулуш иштерин жүргүзүүгө каршы чыгышты

(жаңыланган 15:43 16.06.2016)
Шаршемби күнү Жогорку Кеңеште курулуш иштерин паралеллдүү долбоорлоого уруксат берген мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда өтпөй калган. Бирок депутаттардын бири кайра добуш берүүнү талап кылып жатат.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин алдында жергиликтүү тургундар митинг өткөрүштү. Катышуучулар "паралеллдүү долбоорлоо" боюнча мыйзам долбооруна каршы чыгып жатышканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдиришкен. 

  • Жогорку Кеңештин алдында жергиликтүү тургундар митинг өткөрүштү.
    Жогорку Кеңештин алдында жергиликтүү тургундар митинг өткөрүштү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Катышуучулар паралеллдүү долбоорлоо боюнча мыйзам долбооруна каршы чыгып жатышкан.
    Катышуучулар "паралеллдүү долбоорлоо" боюнча мыйзам долбооруна каршы чыгып жатышкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жогорку Кеңештин алдында жергиликтүү тургундар митинг өткөрүштү.

Акцияга онго жакын адам чогулган. Укук коргоочу Анара Дауталиеванын айтымында, жарандар аталган мыйзам долбоорго каршы чыгып жатышат. Шаршемби күнү депутаттар мыйзам долбоорго биринчи окууда каршы добуштарын беришкен. Бирок депутаттардын бири аны кайра добушка коюну талап кылышууда. 

"Жогорку Кеңештин регламенти бузулуп жатат. Паралеллдүү долбоорлоо мыйзам долбоору курулуш компанияларынын кызыкчылыгына иштеп жатат. Мыйзамга ылайык үйлөрдү салуудан мурда долбоорду даярдап, уруксат алып, бардык процедуралардан өткөндөн кийин куруу иштери башталышы керек. Азыр болсо курулуш иштерин баштап, долбоорлоо иштерин паралеллдүү жүргүзө берүү сунушталып жатат. Экспертиза жүргүзүлбөгөндөн кийин акча менен убакыт үнөмдөлөт. Бирок жарандардын коопсуздугун эстен чыгарбаш керек. Алар кандай курулуш материалдарын колдонуп жатканын биз кайдан билмек элек", — деп билдирди Дауталиева. 

Укук коргоочу белгилегендей буга чейин аталган мыйзам долбоорду кабыл алдырууга аракеттер болгон. 

Белгилер:
проект, укук коргоочу, мыйзам долбоору
Тема боюнча
Депутат Аманкулов: курулуш тармагында көмүскө саясат күчөп жатат
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россиянын 11 аскер адамы КР президентинин энчилүү кол сааты менен сыйланды

(жаңыланган 23:29 19.04.2021)
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Церемония вручения именных часов президента Кыргызстана Садыра Жапарова 11 российским военнослужащим на авиабазе Кант
© Пресс-служба президента КР
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.

Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган. 

Белгилер:
сыйлык, Садыр Жапаров, президент, Аскер, саат, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу
Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди

Ошто балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты эшигин ачты. Сүрөт

(жаңыланган 21:43 19.04.2021)
100 орунга ылайыкташкан жаңы оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөн. Ал эми эски имараты толугу менен оңдолгон.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.

  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Министр здравоохранения Алымкадыр Бейшеналиев и руководители городской мэрии Оша осматривают новую детскую инфекционную больницу
    Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 4
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди

Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.

100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөнү айтылды. Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү маалым болду.

Белгилер:
азем, ачылыш, министр, оорукана, Ош, Кыргызстан
Тема боюнча
Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылды. Сүрөт