Аэропортко барчу жол боюнан көчүрүлгөн туялар азырынча өнө элек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барчу жол боюнча көчүрүлүп тигилген туя бактары
Ата-Бейит мемориалдык комплексине барчу жол боюнча көчүрүлүп тигилген туя бактары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2007-жылдан баштап бактар "Манас" аэропортуна бараткан жолдун боюнда өсүп келген. Трассадагы ремонт иштеринен улам туяларды башка жакка көчүрүү чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барчу жол боюнча көчүрүлүп тигилген туя бактары куураган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Аталган мекеме аэропортко бараткан жолдон көчүрүлүп тигилген дарактар өнө албай, саргарып кетти деген күбөлөрдүн сөзүн четке какты. Эскерте кетсек, аэропорттун жолу учурда оңдолуп жатат.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барчу жол боюнча көчүрүлүп тигилген туя бактары
Ата-Бейит мемориалдык комплексине барчу жол боюнча көчүрүлүп тигилген туя бактары - Sputnik Кыргызстан
1/3
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барчу жол боюнча көчүрүлүп тигилген туя бактары
© Sputnik / Нургуль МаксутоваЖолго жооп берген министрлик Ган атындагы токой институтунун адистери бактардын отургузулушун иликтеп чыгышкан.
Жолго жооп берген министрлик Ган атындагы токой институтунун адистери бактардын отургузулушун иликтеп чыгышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жолго жооп берген министрлик Ган атындагы токой институтунун адистери бактардын отургузулушун иликтеп чыгышкан.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барчу жол боюнча көчүрүлүп тигилген туя бактары
Ата-Бейит мемориалдык комплексине барчу жол боюнча көчүрүлүп тигилген туя бактары - Sputnik Кыргызстан
3/3
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барчу жол боюнча көчүрүлүп тигилген туя бактары
1/3
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барчу жол боюнча көчүрүлүп тигилген туя бактары
2/3
Жолго жооп берген министрлик Ган атындагы токой институтунун адистери бактардын отургузулушун иликтеп чыгышкан.
3/3
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барчу жол боюнча көчүрүлүп тигилген туя бактары

Жолго жооп берген министрлик Ган атындагы токой институтунун адистери бактардын отургузулушун иликтеп чыгышкан.

"Ордун алмаштырууга байланыштуу дарактардын өңү өзгөрүп кетти. Туялардын өсүшүнө шарт бир топ эле ыңгайлуу. Анын табигый жашыл өңүн калыбына келтирүү үчүн 2-3 жыл керектелет", — деп айтылат адистердин корутундусунда. 

Алар азырынча дарактарга тийбестен, аларга кам көрүүнү сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0