Ысык-көлдөгү пляж. Архив

Бостери россиялык Forbes журналынын мыкты курорттордун тизмесинде 2-орунду ээледи

389
(жаңыланган 14:53 19.06.2016)
Кыргыз курорту Италия, Франция, Греция, Кытай жана Португалия сыяктуу мамлекеттерди артка калтырды.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Бостери айылы Forbes журналынын орус версиясында мыкты курорттордун тизмесинде экинчи орунду ээледи.

Басылма Түркия менен Египеттин ордуна россиялыктар бара турчу жаңы 10 курортту сунуштаган. Бостери — Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашып, "кыргыз Байкалы" деп аталарын жазган журнал аталган курорт ден соолукту чыңдоочу жай экенин белгилейт.

"Башка санаторийлерден айырмаланып Бостериден ар ким өз табитине жараша эс алуу түрүн тандап ала алат. Тоого чыгуу, трекинг, альпинизм, кайыкта сүзүү сыяктуу көп сандагы эс алуунун түрү сунушталат", — деп жазат басылма.

Журнал Кыргызстанга келүүнү 68 миң 700 рублга баалаган, (доллар менен канча болот) мунун ичине жол кире, көлгө чейинки жол, мейманканада же пансионатта жашоо кирген. 

Тизменин биринчи сабында Азербайжандын Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан Ленкорань шаары турат. Үчүнчү орунду Румыния менен чектешкен Варна порт-шаары ээлеген.

Мындан тышкары, тизмеге Черногория, Кытай, Греция, Португалия, Франция жана Италиянын курорттору кирген. 

Кыргызстанга саякат тууралуу, анын баасы, кайсы жерге баруу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан көрүңүз>>

389
Белгилер:
курорт, тизме, Forbes, Бостери
Тема боюнча
Өзбекстандын, РФтин, Казакстандын авиакомпаниялары Ысык-Көлгө каттам ачууну пландоодо
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

89
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

89
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди
Казань вокзалын дезинфекциялоо. Архивдик сүрөт

Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат

86
(жаңыланган 22:43 28.05.2020)
Шаар мэри май айында вирустан каза тапкандардын саны  мындан ары да өсөрүн болжоду. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр улана турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, чектөө чаралары коронавирустун вакцинасы табылмайынча созулмакчы.

"Өзүн сактоо режими, санитардык чектөөлөр вакцина чыккыча созулат. Күн сайын эки-үч миңдеп оору жуктурган учурларды каттап жатабыз. Ооруканага жаткырууну азайтканыбыз менен оор абалдагы бейтаптар көбөйүүдө", — деп билдирди ал "Россия-24" телеканалына.

Мэрдин айтымына караганда, борбордо коронавируска байланышкан абал "анчалык жакшы эмес", ошондуктан шашуунун кереги жок. Мындан тышкары, май айында COVID-19дан каза болгондордун саны мындан да өсөрү болжолдонду.

"Май айында каза тапкандардын саны дагы да өсөт. Адам өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо өтө маанилүү. Анткени бул адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады мэр.

Эпидемия башталгандан бери Россиянын 85 аймагынан 380 миң адамдан коронавирус табылып, алардын 4412си каза болгон. Бейтаптардын 150 миңден ашыгы сакайып чыкты. Москвада 173 497 COVID-19 инфекциясын жуктурган учур катталган.

Жакында эле Собянин өзүн-өзү изоляцияга алуу режими жана борбор шаардагы өткөрмө кагазы 14-июнга чейин узартыларын билдирген.

86
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Сергей Собянин, Москва, мэр
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Бишкек мэриясы: "Автомаш-радиатор" заводунда сегиз кишиден COVID табылды