Президент Атамбаев Карелиядагы трагедиядан улам Путинге көңүл айтты

© Sputnik / Илья Тимин / Медиабанкка өтүүКарелияда каза болгондорду издөө иштери.
Карелияда каза болгондорду издөө иштери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн бул күн Карелия менен Москва шаарында аза күтүү күнү деп белгиленди.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда Россиянын президенти Владимир Путинге Карелия Республикасында балдардын курмандыгына алып келген трагедияга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 19-июнда "Парк-Отель Сямозеро" деп аталган ден соолукту чыңдоочу лагерде кайык толкунга кабылган. Куткаруучулар 13 баланын сөөгүн тапкан. 

Бүгүн бул күн Карелия менен Москва шаарында аза күтүү күнү деп белгиленди.

Атамбаев Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн азасын бөлүшүү менен кайрат кылууга чакырган сөздөрүн жолдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0