Шаардагы мектеп бүтүрүүчүлөрү 23-июнь күнү аттестат алышат

© Sputnik / Айша КамиловаБүтүрүүчүлөр. Архив
Бүтүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылы калаадагы мектептерден 9 миң 362 окуучу 9-классты аяктаса, 5 миң 464 бүтүрүүчү уядан учууда.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкек шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 23-июнь күнү тапшырылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Салтанаттуу иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында саат 10:00дө башталат. 

Быйылкы жылы шаардагы мектептерден 9 миң 362 окуучу 9-классты аяктаса, 5 миң 464 бүтүрүүчү уядан учууда. Алардын 76сы артыкчылык менен аяктагандар.

Жаңылыктар түрмөгү
0