Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мендеш Өмүралиевдин сөөгү Россиядан мекенине кайтаруу процесси.

Согуш ардагеринин сөөгү жарым кылымдан кийин мекенине алып келинди

129
(жаңыланган 13:44 21.06.2016)
Баатыр Мендеш Өмүралиев курман болгондо эки колунда тең граната болгон.

БИШКЕК, 21-июн. – Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мендеш Өмүралиевдин сөөгү Россиядан мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине эл өкүлү Мээрбек Мискенбаевдин жардамчысы Мурат Соорбеков билдирди. 

Жоокердин сөөгүн тосуп алуу иш-чарасына ЖКнын депутаттары, Башкы штабдын өкүлдөрү жана Өмүралиевдин туугандары катышты.

Эске сала кетсек, согуш ардагеринин сөөгүн алып келүү демилгесин депутат Мискенбаев көтөргөн. 

Мендеш Өмүралиев 1910-жылы Талас облусунун мурдагы Бакай-Ата районунда туулган. Улуу Ата Мекендик согушка кеткен бойдон мекенине кайтпай калган. 1942-жылы анын жакындарына кара кагаз келип, сөөгү кайда калганы дайынсыз болгон. 

Ушул жылы Өмүралиевдин сөөгү Россия Федерациясынын борбору Москва шаарына жакын аймактан табылган. Маркумдун сөөгү менен кошо ага таандык документтери да табылган. 

Ал Кызыл Армиянын катардагы жоокери эмес, чыныгы баатырларча курман болгонун айткан негиздүү фактылар бар. Ардагер курман болгондо анын эки колунда тең граната болгон. Мындан тышкары, көкүрөк сөөгү минометтун окторунан жабыркаган. Бул нерселер анын чыныгы эл-жери үчүн баатырларча курман болгонун айгинелейт.

129
Белгилер:
мекен, ардагер, согуш
Тема боюнча
Төрага Турсунбеков: ардагерлерибиз каармандыктын үлгүсү катары кала берет
Тоолуу Маевка айылына жакын унаа жолу

Шейшембиге карата аба ырайы

22
(жаңыланган 21:11 06.07.2020)
Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу өрөөндөргө кар түшөт.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 7-июль, шейшемби күнү, өлкө аймагы боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре жетет.

Абанын температурасы Чүйдө+28…+33, Таласта +26…+31, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +30…+35 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +22…+27 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +30…+32, Ош калаасында +33…+35 градуска дейре көтөрүлсө, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +23…+25 градуска чейин жетет.

22
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Алдыда аптаптуу ысык болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Почтада посылкалар. Архив

Бишкекте почта түйүндөрү бир жума иштебейт

64
(жаңыланган 20:03 06.07.2020)
Бишкек шаарындагы почталар 13-июлдан тарта иштеп баштайт. Ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" ишканасынын Бишкектеги бөлүмдөрү калаада вирустук инфекцияны жайылтып жиберүүнүн алдын алуу максатында 7-13-июль күндөрү профилактика иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Абалдын кескин курчуп кетишинен улам аталган ишкананын филиалы болгон "Бишкек почтамт" бир апта бою өз бөлүмдөрүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрөт", —  деп айтылат таратылган кабарда.

Каттоо кызматынын Архив агенттиги карантинге жабылды

Ал эми 13-июлдан тарта Бишкек шаарындагы почталар иштеп, ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы почта түйүндөрүндө төмөнкү эрежелерди сактоону өтүнөт:

  • Почта бөлүмүнүн имаратынын ичине аз сандагы кишилер кириши керек жана 1,5 метр бири-биринен обочо турушу шарт. Калгандары коопсуздук үчүн көчөдө күтүп турат;
  • Бөлүмдө жана анын жанында жарандар 1,5 метрлик аралыкты сактап турушу керек;
  • Почтага кирер алдында бет кап кийгенди унутпагыла. Эгерде ансыз келсеңиз, ичине кире албайсыз;
  • "Кыргыз почтасы" ишканасы азыркы абалдан улам бардык түйүндөрүндө келгендерге ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүп бергенге аракет кылат.
64
Белгилер:
почта, коронавирус, эпидемия, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков Бирдиктүү евразия патенти боюнча маанилүү документке кол койду

9
(жаңыланган 22:40 06.07.2020)
Документке ылайык, бир нече өлкө менен сооданы өнүктүрүүгө, региондо инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзүлмөкчү.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков “Евразия патенттик конвенциясынын Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколун ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган протоколго 2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган. Ал эми мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

“Протоколдун негизги максаты — өнөр жай менчик объектилерин коргоонун евразия системасын бекемдөө жана кеңейтүү. Макулдашуучу мамлекеттердин аймагында бирдиктүү евразия патентинин негизинде өнөр жай үлгүлөрүн коргоонун мамлекеттер аралык системасын түзүлөт.  Ошондой ички рынокторун өнүктүрүү, соода жана инвестициялык иштерди жандантууга өбөлгө болот”, — деп жазылат маалыматта.

ЕЭК жалпы электроэнергетика рыногун түзүү боюнча иш-чаралардын жол картасын жактырды

Макулдашуучу мамлекеттердин курамына Азербайжан, Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Россия, Түркмөнстан мамлекеттери кирет.

Аны менен катар Евразия патенттик конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн аймагында сооданы өнүктүрүүгө, ошондой эле региондо инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзөрү айтылат.

9
Белгилер:
Евразия, патент, кол, документ, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси