Маданият министринин экс-орун басары Чакиев камактан бошотулду

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРМаданият министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев. Архив
Маданият министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал документтерди жасап жана пара берген деген кине менен алты жылга эркинен ажыратылган.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Маданият министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев Жогорку Соттун чечими менен камактан бошотулду. Бул туурасында Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады. 

Ал буга чейин Бишкек шаардык сотунун чечими менен алты жылга эркинен ажыратылган.

Шейшемби күнү болгон соттук коллегияда Максат Чакиевдин иши каралган. 

Камак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлдөрү иш козголуп камакка алынган депутаттардын айлыгын токтотууга макул болушту
Жогорку соттун чечими менен Бишкек шаардык сотунун Чакиевге карата 2016-жылдагы 29-мартындагы кылмыш иши жана административдик тартип бузуулар боюнча чыгарган өкүмү өзгөртүлдү. Анда Кылмыш кодексинин 350-беренеси (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) жана 314-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголгон. 

Чакиевдин ишинде айтылгандай 350-беренеде кылмыштын элементтери жок деп табылып, ал эми экинчи берене боюнча 500 миң айып пул төлөө белгиленди.

Соттун чечиминен кийин ал камактан чыгарылды. 

2015-жылдын 28-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Чакиевди ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0