Кыргызстан саясатчыларынын Prisma аркылуу түшкөн бейнеси

© Sputnik / Табылды КадырбековФото экс-премьер-министра КР Темира Сариева обработанное приложением Prisma
Фото экс-премьер-министра КР Темира Сариева обработанное приложением Prisma - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik агенттиги Кыргызстандын атка минерлеринин сүрөтүн Prisma деп аталган фоторедактордон өткөрдү.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Мобилдүү тиркемелердин рыногунда сүрөттөрдү кайра иштеп чыгарган Prisma программасы пайда болду. Бир жумага жетпеген убакыт аралыгында россиялык адистердин саамалыгы Instagram тармагында популярдуу болуп калды. Интернетте #prisma деген хештэг менен жүз миңден ашуун сүрөттөр пайда болду.

Кол саатчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев, Бакиев, Бабанов жөнүндө чет элдиктер эмне дешти
Кадимки фоторедактордон Prisma сүрөттү башынан баштап тартканы менен айырмаланат. Аны ар кандай вариантта жасаса болот.

Жаңы программанын түзүүчүлөрү жакын арада форматтардын саны көбөйүп, июлдун башында Android үчүн тиркеме чыгарын убадалашты.

Кыргызстанда кайрадан "жасалгаланган" сүрөттөр соцтармактарда жайнап чыкты. Ал эми Sputnik агенттиги белгилүү саясатчылардын сүрөтүн жаңы программадан өткөрүп көрүүнү чечти.

Жаңылыктар түрмөгү
0