Орловканын ооматы келгенде. Жигердүү жаштар курган "жомок" жашоо

© Sputnik / Табылды КадырбековОрловкада чач тарачтын ээси Назира Ишеналиева . Архив
Орловкада чач тарачтын ээси Назира Ишеналиева . Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Башында жаштар эскиче эле митингдерди уюштуруп, талаптарын коюп, кыйкырып жүрдү. Баары эле баягы биздин кыргызча салт менен. Мындай кылганга болбой турганын биз кийин түшүндүк…"

Айың кептерге караганда, Орловкада чач тарачтын ээси Назира Ишеналиева жергиликтүү балдар үйүнө кол кабыш кылат экен. Бирок бул туурасында жана деги эле өзү жөнүндө айткандан ал дароо баш тартты. Орловкада андан бир топ татыктуу адамдар бар дейт. Эч кимди унутуп калбас үчүн толтура жазылган бир топ кагазды Бишкекке ала келиптир. Карапайым кыздын көз карашынан алынган Орловканын тарыхын Sputnik Кыргызстан кабарчысы Асел Минбаева жазып алды. 

— И-и, Орловкада жашоо кандай анан?

— Совет убагында элди "азаматсыңар" деп эле далыга таптай беришчү эле го. Азыр болсо "баары жаман, ушундай жакыр жашап калдык" деп эле наалышат. Бүгүн мен жакшы нерсе жөнүндө айткым келип турат. Бизде сыймыктана турган адамдар бар, бирок алар өзүлөрү жөнүндө эч качан айтып беришпейт. Алардын ордуна мен айтып берүүнү чечтим.

— Болуптур. Айтыңыз.

— Бизде "Алтынкен" алтын комбинаты бар. Ал кытайларга тиешелүү. Заводдо бир нече жыл мурун кырсык көп болуп кетти: коопсуздук техникасы сакталбайт, ал тургай, балдар атайын кийими жок иштешчү. Элестетсеңиз, ширетүүчү кадимки эле спорт кийимчен иштейт, бир эле учкун тийсе ширеңкедей тутанып кетпейби! Эскалатор кишини басып калган учур да катталган… 

© Sputnik / Табылды КадырбековНазира Ишеналиева: Билесизби, совет убагында элге дайыма азаматсыңар деп айтышчу. Азыр болсо баары жаман, ушунча жакыр жашап калдык деп эле наалышат.
Интервью с владелицей парикмахерской из Орловки Назирой Ишеналиевой - Sputnik Кыргызстан
Назира Ишеналиева: Билесизби, совет убагында элге дайыма азаматсыңар деп айтышчу. Азыр болсо баары жаман, ушунча жакыр жашап калдык деп эле наалышат.

Башында жаштар эскиче эле митингдерди уюштуруп, талаптарын коюп, кыйкырып жүрдү. Баары эле баягы биздин кыргызча салт менен. Мындай кылганга болбой турганын биз кийин түшүндүк. Ошондо активисттер "Жаштардын татыктуу келечеги — ЖТК" бирикмесин түзүшкөн. Түзүүчүлөрдү атагым келет. Алар — Бакыт Чанчаров, Айбек Жаналиев жана Бакыт Рахматов.

Окуусун таштап айылына аттанган Райым унутта калган Миң-Кушту өзгөртүү ниетинде
Алар эмгекти коргоо чараларынын көрүлүшүн талап кылып, аны аткартышты. Башка кырсык болгон жок. Бирок дагы бир көйгөй калган: кытайлар жергиликтүү калкты жумушка алгылары келчү эмес. Эми болсо ишкананын жетекчилиги жергиликтүү балдардын арасында талап кылынган адистер болсо, биринчи кезекте ошолорду алам деп убада кылды. 

Активисттер — азамат: мини-футбол үчүн жасалма чөп төшөлгөн аянтча жасашты, шаардыктар үчүн дайыма майрам өткөрүп, спорт мелдештерин уюштуруп турушат. Болгондо да, баары акысыз. Иши кылып, жаштар куру-бекер ар кайсы жерде басып жүрбөшү үчүн колдон келгенин жасап жатышат. 

— Жергиликтүү бийлик силерге жардам береби?

— Орловка анча чоң эмес, ошол эле активисттер шаардык кеңештин депутаттары. Аябай чоң иштер жүрүп жатат. Ошол эсе Союз менен кошо урап калган бала бакчаларды алалы. Акыркы эки чакырылыштагы шаардык кеңеш "Ромашка" жана "Сказка" деген эки бакчаны кайра калыбына келтиришти. 

Төрт жыл мурун кызымды "Сказкага" берип жатып, оозумду ачып калгам: совет убагындагы оюнчуктар сакталып калыптыр! Бала бакча деги эле өзгөрбөптүр. Баса, "Сказка" Кемин районундагы мыкты бакчалардын бири болуп эсептелет, анда совет мезгилиндеги тарбиячылар иштейт. 

— Дегинкиси, силерде балдарды алаксыта турган нерселер барбы?

— Бизде маданият үйү иштейт, хореографиялык жана вокал ийримдери бар. Ал тургай, рок-группа түзгөнбүз! Кыздардын баары бас-гитара үйрөнгөнү курска барышчу. Кечкисин отуруп алып четкендери эсимде: "динь-динь-дидидинь"… Жээним да ал курска барчу. Баса, ал да акысыз. 

Орловкада Калыйнур деген ырчы бар. Бул 19 жаштагы жигит былтыр "Сары-Өзөн чолпондору" сынагын жеңип алган. Ал биздин жылдызыбыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНазира Ишеналиева: Бизде маданият үйү иштейт, хореографиялык жана вокал ийримдери бар. Ал тургай, рок-группа да бар
Интервью с владелицей парикмахерской из Орловки Назирой Ишеналиевой - Sputnik Кыргызстан
Назира Ишеналиева: Бизде маданият үйү иштейт, хореографиялык жана вокал ийримдери бар. Ал тургай, рок-группа да бар

Мындан тышкары, балдар машыгуу залын ачышкан. Эч акы төлөбөйсүң, келип эле машыга берсең болду. Дзюдо, күрөш, лыжа, футбол менен алектенгиң келбесе, булчуңдарыңды чыңап машык. Бизде, ал тургай, дзюдо боюнча республикалык чемпионат өткөн.

— Спорт жандуусуңар го!

Спирттик ичимдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган кыргыз айылдары
— 2006-жылы Туринде өткөн Олимпиадага Кыргызстандан бир эле спортчу, тоо лыжачы Иван Борисов барган. Ал Орловкада жашайт. Иванды көчөдөн көп көрөм, карапайым эле киши, эки баланын атасы. Балдарыбыз бир бакчага барчу. 

Азыр өз орун басарларын даярдап, балдарды акысыз машыктырат. Алар Ливанга, Европага барып келишти — географиясы кең. 2013-жылы анын тарбиялануучулары республикалык таймаштарда бардык орундарды ээлешкен.

— Бирок тоо менен жакшы машыктыруучудан башка дагы лыжа, жабдууларга акча керек да. 

— Ал аябай кымбат экен! Билишимче, Ванянын лыжасы бир нече миң доллар турат. Бирок балдар үчүн кийим-кече, жабдык, жол кире — баары акысыз. Бизде мунун баарын уюштура турган комитет бар. Кызымды да ошол жакка берем деп жатам. 

— Ошончо атак-даңкка жеткен Борисов башка бир өнүккөн өлкөгө кетип калбаганы кызык…

— Билбейм, аны сурабаңыз. Бизде Лука Орлов деген бар, грек-рим күрөшү менен алектенет. Азыр Россиянын курама командасынын тобунда Олимпиадага даярданып жатат. Аны менен кечээ эле сүйлөшкөнбүз. Эмнеге кетип калдың деп сурасам, ал бул жакта мындан өйдө өсө албайм, бирок өз мекенинде жашагысы келерин айтат. 

Ал эми анын атасы Руслан Орлов, СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Орловкада калды. Азыр бизде грек-рим күрөшү боюнча 23 спорт чеберчилигине талапкер жана төрт спорт чебери жашайт. 

— Укмуш турбайбы!

— Ооба, ошондой! Бизде стоматолог Белек Табалдиев деген бар. Ушундай татынакай жигит дейсиз… Ал отузга да чыга элек. Ошол жигит он жылдан бери кичине балдарга акысыз футбол үйрөтөт. Анын тарбиялануучуларынын бири Урмат Дүйшөнбеков азыр Кыргызстандын курама тобунда.

— Ага мунун эмне кереги бар? Өзү эмне дейт?

— Белек жөн эле балдарды машыктыруу жагат дейт… Ал эми жеке ишкер Бактияр Сатыбеков бир ээн жаткан жерге балдардын аянтчасын куруп, мектепти тегерете жолдон тосконго жардам берди. Машина өткөн жол мектептин түбүнөн өтчү. Жөө кишилер баса турган жол деги эле жок болчу — айыл да. 

Таштандыдан кантип арылуу керек. Алыскы Ат-Башынын мисалынан
Бактияр майып балдарга да жардам берет. Жөн эле жүз жылда бир жолу бир коробка таттуу алып келип коюп эмес, чын эле балдардын муктаж болгон нерселерин сатып берет. Орловкада 23 майып бала бар. 

Жаңы жылдын алдында биз аны менен жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам берүүнү чечтик. Келсек, алар Аяз Атадан эмне сурагылары келерин айткандан тартынышат. " DVD аласыңарбы?" деп сурасак, алар: "Ал эмне?" деп таң калышат. "Телевизорго туташтырыла турган нерсе, андан фильм көрсө болот", — дейбиз. Алардын болсо телевизору да жок экен, ишенесизби! 

— Ай-ий! Өзү төшөктө жаткан бала болсо, телевизору да жокпу?

— Кээ бирлеринин жылыткычы да жок! Бир окуя мен үчүн өтө оор болду. Биз көзү такыр көрбөгөн алты жашар балага бардык. Бактияр эмне кыларын билбей калды — андайда эркектерге кыйыныраак эмеспи, мен болсо баланы кучактап учураштым. Эч качан эч нерсени көрбөгөн ошол кичине бала пульту бар машина сурады. Ал эмне оюнчук экенин, кантип иштерин билбейт да, бирок ушунча каалады дейсиз! Менин мобу жерим жөн эле эңшерилип кетти…

— Кандай аянычтуу!

— Дагы бир окуя. Бир баланын жүрөгү оорукчан болчу. Ага дарыгерлер операция жасап жатып, өпкөсүнө тийип алышыптыр. Эми ал бала эч качан тура албайт. Ал болгону жети гана жашта! Мен андай балдардын сүрөттөрүн силерге алып келбей эле коёюн дедим…

— Кайсы окуя сизге баарынан катуу таасир берди?

— Бизде бир он беш жашар бала бар, ал таңдайы жок төрөлгөн. Апасы жок, таежесинин колунда. Улам бир операция жасатып, аны багат. Жээнине ушунча жакшы караган адамды биринчи көрүшүм! 

© Sputnik / Табылды КадырбековНазира Ишеналиева: Биздин жаш лидерлер шаардык кеңешти мектептер менен бла бакчаларда жылуулукту эсептегич орнотууга көндүрүштү.Биз мурда ар бир окуучуга төлөчүбүз, эми керектешибизге жараша гана төлөйбүз
Интервью с владелицей парикмахерской из Орловки Назирой Ишеналиевой - Sputnik Кыргызстан
Назира Ишеналиева: Биздин жаш лидерлер шаардык кеңешти мектептер менен бла бакчаларда жылуулукту эсептегич орнотууга көндүрүштү.Биз мурда ар бир окуучуга төлөчүбүз, эми керектешибизге жараша гана төлөйбүз

Өткөөл жашка келгенде анын тиштери акуланыкына окшоп эки-үч катар болуп өсө баштаган. Мен жаак сөөктөрүнүн сүрөтүн көргөм — кудай андайды көрсөтпөсүн. Ашык тиштерин жулуп, жаак сөөгүн сындырууга туура келген. Операция 28-декабрга белгиленгенин, баланын болсо кышкы өтүгү жок, туфличен эле калганын таежеси айтып калды. Элестетсеңиз! Биз, албетте, ага кышкы бут кийим алып бердик. 

— А медицина жагы кандай силерде?

— Мурда жаман болчу. Бөлүмдөрдү жаап, терапия менен педиатрияны бириктиришкен. Штатты кыскартуу талап кылынган эле. Акыры бир гана дарыгер калган. Бирок жергиликтүү оорукананын башчысы азыр жакшы. Аты Канат Шейшекеевич. Оор мезгил артта калды. Бизди миоманы алып салуу сыяктуу түрдүү оор операцияларга чейин жасашат. Бардык дарыгерлер бар! Бизге, атүгүл, мэрия акча бөлүп, заманбап УЗИ-аппарат да сатып беришкен. 

— Акчаны кайдан аласыңар деги?

Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова: бир айда үй алууга жеткидей акча табууга болорун билбептирмин
— Айрым керексиз чыгымдарды кыскарттык. Мисалы, Кашка орто мектеби Орловкадан бир топ алыс жайгашканы менен, экинчи Орловка мектебинин балансында. Ал жакта беш эле бала окучу, ошолор үчүн директорду, завучту, мугалимдерди кармап турууга туура келген! Эми ал балдарды Орловкага окууга акысыз жеткирип турушат. 

Биздин жаш лидерлер шаардык кеңешти мектептер менен бала бакчаларда жылуулукту эсептегич орнотууга көндүрүштү. Биз мурда ар бир окуучуга төлөчүбүз, эми керектешибизге жараша гана төлөйбүз. Ошентип, биз жылына бир нече миллион сом үнөмдөп калдык. 

— Эгер жолдорубуз да жакшы деп айтсаңыз, мен азыр эле плакат көтөрүп алып Бишкектин мэриясына барам…

— Биздин жолдор укмуш сонун! Ондогон жылдар бою алар оңдолгон эмес, эптеп ары-бери өтүш үчүн аңдарды топурак менен толтурчубуз. Эми болсо бийик така кийип алып, койкоюп бассак да болот!

Жаңылыктар түрмөгү
0