Арты кайырлуу болсун, иш илгери, кулдугум бар — маанисин билесизби?

Жазылуу
Сөзгө чечен кыргыз эли жакшылык менен жамандыкта каалоо-тилектерди маанисин келтире айтып келишкен. Алардын көпчүлүгү ооздон оозго өтүп бүгүнкү күнгө чейин сакталды. Бирок, тилекке каршы, айрымдар мындай сөздөрдүн түп маанисин түшүнө бербейт.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik, Айида Батырбекова. Курбуларыңыз үйлөнүп же турмушка чыкканда, үй куруп, унаа алганда дегеле жакшылык-жамандыкта эмне деп айтуу керек экенин билбей башыңыз каткан учурларыңыз болгон болсо "Тибиртке" рубрикасы сизге жардамга келет. Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев калоо-тилектердин маани-маңызына дейре чечмелеп берди. 

Уй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак чүч, ташка тий, көйнөгүңдү уй жегир — маанисин биле жүр
Жаңы үйгө көчкөндө — илгери кыргыздар боз үйдө жашап, көчүп-конуп жүрүшкөн. Буга ылайык жер которуп башка аймакка же жайлоого көчүп барганда "конуш кут болсун" деп айтылган. Бул жаңы конгон үйүңдөн кут үзүлбөсүн деген маанини билдирет. Азыр эл боз үйдө жашабаса дагы жаңы үйгө көчүп барса "конуш кут болсун", "конуш жайлуу болсун" деп айтыла берет. Буга "айтканың келсин" деп жооп берүүгө болот.

Үй курганда — жаңы үй куруп бүткөн адамга "үйүң ак жолтой, ак үздүү болсун" деп айтылат. Бирок бүгүнкү күндө көпчүлүк адаштырып өз колу менен үйүн курган адамга деле "конуш кут болсун" деп айта беришет. Негизинен "конуш кут болсун" менен "үйүң ак жолтой, ак үздүү" болсун деген каалоо-тилек ар башка учурларда айтылат. Негизинен адамдын сөз байлыгына жараша "очогуңан от үзүлбөсүн", "той болсун" деген сыяктуу калоолорун кеңейтип айта берсе болот. Баса, "ак үздүү" деген сөздүн так маанисин айтуу кыйын, себеби бул нечен кылымдардан бери айтылып келе жаткан сөз. Башкача айтканда, архаизм. 

Адам каза болгондо бир нече сөздөр айтылат:

— Арты кайырлуу болсун — бул абдан чоң сөз. Себеби жашоодо бир адам каза болгондон кийин артынан жакындарын кошо ала кеткен учурлар болгон (биринин артынан бири каза болгон). Мындан улам кыргыздар "арты кайырлуу болсун" деген тилектерин айтышкан. Бул сөз айтылганда "рахмат" же "айтканыңыз келсин" деп жооп берүүгө болбойт. Себеби ал маркум адамга карата айтылган кеп. 

Улуттук кийим кийген кыздар . Архив - Sputnik Кыргызстан
Бөйрөктү таянба, үшкүрбө, колду төбөгө алба, бутту учкаштырба — жаман болот!
— Топурагы торко болсун — "торко" деген жибектин эле бир түрү. Адам каза болгондо сыз топуракка жаткырылат. Анын сыртында оролгон кепинден башка эч нерсе жок болот. Ошон үчүн топурагы жибектей жумшак болсун деген мааниде "топурагы торко" болсун деп коюшкан. 

— Ал жашабай кеткен жашын берсин — эгер жаш курактагы адам каза болуп калса анын жакындарына "ал жашабай кеткен жашын берсин" деп айтылат. 

— Жашына жет — бул көп жашап каза болгон адамдын жакындарына айтылат. 

Адам узак сапарга аттанганда — "жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун" деп илгертен айтылып келет. "Шыдыр" деген тоскоолдук болбосун деген мааниде айтылган. Ал эми "Кыдыр" деген сөздүн мааниси өзгөчө. Илгери кыргыздар Кыдыр атага ишенишкен. Эл оозунда калган айың кептерге ишенсек Кыдыр ата айрым адамдарга жолугат экен. Ал кээде кайырчы кейпин кийип алат имиш. Эгер аны байкабай, жардам бербей койсо колдобой коет. Ал эми сураганын берип узатса, жол ачылат деген ишеним бар. 

Сапардан келгенде — "кош келиңиз" же "куш келиңиз" деп тосуп алса болот. "Кош" менен "куштун" мааниси бир эле. Себеби "куш" деген араб-иран тилинин "хуш" деген сөзүнөн келип чыгып, кыргызча жакшы деген маанини түшүндүрөт. "Хуш" кыргызчага "куш", "кош" деп өзгөрүп кеткен. 

Иштеп жатканда — адам бир ишти баштаганда "иш илгери болсун" деген тилектерин айтышкан. Бул жаңы иш баштаган адамдын иши аксап калбай жүрүшүп кетсин деген маанини билдирет. Мындай учурларда "айтканың келсин", же жашташ, азилдеш адамдар "илгерилетмек сенден болсун" деп жооп берсе болот. 

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балык жон, баскан изин бычактоо, баш канжыгада. Маанисин билесизби?
Унаа алганда — "унаа кут болсун" эмес, "Дөөтү кут болсун" деп айтылат. Себеби төөнүн пири Чолпон-ата, уйдун пири Зеңги баба болгон сыяктуу эле темирдин пири "Дөөтү" бул болуп эсептелет. Ошондуктан "Дөөтүң кут болсун" деп айткан туура. 

Үйлөнгөндө — айрымдар "куш боо бекем болсун" деп баланын ата-энесине айтып алышат. Бул туура эмес. Куш боо деген — учкан кушту кармадың, ошону бекем карма, ынтымактуу жаша деген маанини түшүндүрүп, үйлөнүп жаткан балага айтылат. Ал эми баланын ата-энесине "келин кут болсун", "куда кут болсун", "коңшу кут болсун" кыздыкына "күйөө бала кут болсун" деп айтуу керек. Ал эми "жолдошуң кут болсун" деген куттуктоо кийинчерээк чыккан. 

Балалуу болгондо — кыргыздар "баланын туулганына эмес, турганына сүйүн" деп коюшат. Ошон үчүн бала төрөлгөндө "бешик боо бекем болсун" деп айтылат. Бул бала аман, ден соолугу бекем, келечеги кең болсун дегенди билдирет. 

Кудага барганда — куданын үйүнө биринчи жолу кирип барган баланын ата-энеси башын ийип "кулдугум бар" деп үч жолу айтат. Бул кыздын ата-энесинен кечирим сурап "баш алып жатам, айыптуумун" дегенди түшүндүрсө, экинчи жагынан ыраазычылыкты билдирет. Ал эми кыздын ата-энеси "кулдугуңуз кудайга" деп жооп берет. Бул башкысы балдарыбыз аман болсун дегенди туюндурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0