Жогорку Кеңеш "Пирамида" телеканалы үчүн 2 млн. сом бөлдү

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маселе боюнча ар кыл талаштар болуп, кайчы пикирлер жаралды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш "Пирамида" телеканалы үчүн 2 миллион сом бөлдү. Аталган маселе бүгүн, 23-июнь күнкү отурумда каралды. 

Эске сала кетсек, телеканал парламенттин отурумун түз алып көрсөтөт. 

"Баарыңыздарга белгилүү болгондой эле "Пирамида" телеканалы биздин отурумду түз алып көрсөтөт. Жардам иретинде 2 миллион бөлүп жатабыз. Акча мамлекеттик бюджеттен эмес, парламенттин эсебинен төлөнөт", — деди Чыныбай Турсунбеков

Токтомго 102 депутат макул деген добуш берсе, 2 депутат каршы пикирин айтты. 

Пирамида телеканалы улутташтырылып, толугу менен мамлекеттин карамагына өткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0