Орозо айттан улам 6-июль эс алуу күнү деп жарыяланды

Орозо айттан улам 6-июль эс алуу күнү деп жарыяланды

481
(жаңыланган 12:18 24.06.2016)
Ыйык Рамазан айы 6-июлда аяктайт. Өкмөттүн токтому менен бул күн эс алуу күнү деп белгиленди.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Орозо айттан улам 6-июль күнү өлкөдө эс алуу күнү деп жарыяланганы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтында айтылат.

Эскерте кетсек, быйыл орозо 6-июнда башталып, айт майрамы 6-июлга белгиленген.

Министрлик эс алуу күнүн жарыялоо жөнүндөгү токтомго кол коюлганын белгилейт. Ал эми 7-8-июль иш күндөрү болот.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2016-жылдын Орозо календарынан караңыздар >>

481
Белгилер:
токтом, эс алуу, өкмөт, айт, Орозо ыйык айы
Тема:
Орозо — 2016 (30)
Тема боюнча
2016-жылдын орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) маалы
Быйыл Кадыр түн 1-июлдан 2-июлга караган түнү болот
Тапанча кармаган киши. Архивдик сүрөт

Мурда милиционерди өлтүргөн кылмышкер эки адамды атууга шектелип кармалды

32
(жаңыланган 11:56 05.12.2020)
Кармалган жаран буга чейин милиция кызматкерин өлтүргөнү үчүн соттолуп абакта 11 жыл отуруп, былтыр эркиндикке чыккан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында милицияга чакыруу түшүп, Ново-Николаевка айылындагы кафеде 22 жаштагы жигитти белгисиз жаран атып кеткени белгилүү болгон. Ал аймактык ооруканага жаткырылган. 

В Жайыльском районе по подозрению в хулиганстве задержан член ОПГ, ранее судимый за убийство милиционера
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Андан башка дагы бир 22 жаштагы жаран ошол эле кафеде ок жегенин айтып милицияга арыз жазган.

Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен КЖБРге катталган.

"Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү кылмышкердин изине түшүп жакынкы имараттардагы бардык видеобайкоолорду карап, күбөлөрдү суракка алган. Натыйжада шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 34 жаштагы Б.М. аттуу жаран экени аныкталды. Андан соң ал кармалып Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын билдиришинче, кармалган жаран 2008-жылы Жайыл райондук милициянын кызматкери Эркин Жолдошбек уулун өлтүрүп, 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал абактан 2019-жылы чыгып, кайра кылмышка барганы белгиленет.

Азыркы тапта тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

32
Белгилер:
милиция, уюшкан кылмыштуу топ, кармоо, шектүү, Жайыл району
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Качып кетип Москвадан кармалган кыргызстандыктар. Сүрөт
Ишкердин соода түйүнүн тартып алмакчы болгон. УКМК шектүүлөрдү кармады
Томографиядан бейтапты өткөргөн медиктер. Архивдик сүрөт

Коронавирус жуктуруп алгандар жана айыккандар. Соңку маалымат

27
(жаңыланган 11:38 05.12.2020)
Бүгүнкү статистикада илдетти илештирип алгандардын саны ооруканадан айыгып чыккандарга караганда аз.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кечээтен бери Кыргызстанда 401 адам коронавирус жуктуруп алса, дарыланып жаткан 425 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Оору жуктургандар төмөнкү аймакта:

  • Бишкек - 99;
  • Ош - 20;
  • Чүй облусу – 133;
  • Ош облусу - 22;
  • Талас облусу - 15;
  • Нарын облусу - 2;
  • Ысык-Көл облусу – 45;
  • Жалал-Абад облусу – 39;
  • Баткен облусу - 26.

Айыккандар:

  • Бишкек – 124;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 102;
  • Ош облусу – 11;
  • Талас облусу – 16;
  • Нарын облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 40;
  • Жалал-Абад облусу – 60;
  • Баткен облусу – 53.

Ушуну менен пандемия башталгандан тарта оору илештирип алгандардын саны 74 774 болду. Анын 66 538и айыгып чыкты. 

27
Белгилер:
айыгуу, жуктуруу, оорукана, бейтап, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
ЖАМК: абактагы 100дөй адам коронавирус жуктуруп алган, каза болгондору да бар