Министрлик: Орозо айтка карата эс алуу күнүн муфтият аныктайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт намаздагы мусулмандар. Архив
Айт намаздагы мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин эс алуу күнү 6-июлга белгиленгени айтылган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Орозо айтка карата эс алуу күнүн Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы аныктай турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, так датасы 2-июлдан кийин белгилүү болмокчу.

Министрлик мындай чечимди өкмөттүн Орозо жана Курман айт күндөрүн айга карап муфтият бекитет деген токтомуна таянуу менен чыгарган.

Буга чейин аталган мекеме Орозо айтка карата 6-июль күнүн эс алуу күнү деп жарыялаган.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2016-жылдын Орозо календарынан караңыздар >>

Жаңылыктар түрмөгү
0