Актриса жана котормо студиясындагы үн режиссеру Кыял Төрөгулова. Архив

Кыял Төрөгулова: Хүрремдин толготконун тердеп-кургап араң коштогом

4059
(жаңыланган 14:10 27.06.2016)
Кыял Төрөгулова — актриса жана котормо студиясындагы үн режиссеру. Учурда ал түрк элинин "Даңазалуу доор" сериалындагы айтылуу Хүррем Султан айымдын үнүн коштоп келет.

Ал журналист Гүлдана Талантбековага кинодо мыкты роль жаратуудан сырткары, андагы каармандын үнүн коштоо ишинин чеберчиликтери жана ыңгайсыздыктары жөнүндө айтып берди. Баса, маек учурунан пайдаланып аудио-монолог жаздырганга да жетиштик.

Кыял алгач редакцияга келип "Саламатсызбы" деп учурашканда, аз жерден кинодогу кыздардай болуп "Кош келиңиз, Азирети Султан айым" деп айтып жибере жаздадым.

— Сиз көпчүлүктүн арасынан же кокус телефон менен сүйлөшүп калсаңыз, айланадагылар дароо эле тааныш үндү уккандай болсо керек?

— Хүрремди окугандан бери далай окуяга туш болдум. Азыр менден баары коркушат. Бир тойдо отуруп, сүйлөп жатсам коноктор карап жаткандай болгон, анан жеңеме "Көрсө, Кыял жакшы эле кыз турбайбы" деп айтышыптыр (күлүп). Көпчүлүктө эл кечке тиктеп, "Сиз Хүрремдин…" деп келе жатканда эле "Ооба, ошонун" деп жооп берем. 

Хүррем Султан айымдын үнүн коштогон Кыял Төрөгулова бычылган кызматчы Сүмбүлдү урушуп жаткан учурун аткарып берди

— Улуу айымдын үнүн коштоо бактысы кантип буюрду?

— Мен мурун бир дагы жолу "Даназалуу доор" сериалын көргөн эмесмин. Буга чейин назик үндөрдү кошточумун, маселен Барбиникин деле окуп бергем. Котормо студиясында үн режиссеру болуп иштегендиктен, алгач бул сериалды көрүп, кимге кандай үн туура келерин караштыра баштадык. Алгач кесиптештерим менен кеңешип Мустафанын апасы Махидеврандын үнүн коштомокмун. Хүрремди окутканга биз эки-үч актрисаны вариант катары болжолдоп жатканбыз. Бирок өзүмдү күчтүү каармандан сынап көрсөмбү деп жүргөм. Анан Хүррем алгачкы эле серияларында буркан-шаркан болуп башталат, ошол жерлерин окуп продюсериме сунуштасам, ал жактырды. Ошентип бул каарман мага буюрду. 

Актриса и звукорежиссер Кыял Торогулова.
© Фото / Элита Кермакунова
Кыял Төрөгулова: Мен мурун бир дагы жолу "Даназалуу доор" сериалын көргөн эмесмин.

— Үн коштоодо кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

— Хүрремдин төрөгөн жерлерин берүү кыйыныраак болду. Анткени ал кинодо беш жолу төрөп "Сулайман эле, Сулайман" деп бакырып-өкүрүп толготот. Мындай жерлерин микрофонго ашыкча шум бербей, бир гана үн аркылуу дем алган, бышылдагандан бери жеткиликтүү беришиң керек. 

— Демек үн коштоо тексти эле окуп коюу эмес турбайбы. Окуяны толук жеткирүү үчүн дагы кандай ыкмалар бар?

— Текст окууда студиянын ичине жалгыз киресиң, алдыңда микрофон, маңдайыңда монитордон каарманың көрүнүп турат, үстүдө режиссер операторлордун көзөмөлүндөсүң. Кээ бирлер образга киребиз деп үстөлдү бир чаап, тура калып жинденип кетишет. Анда биз кыйкырабыз "Микрофонго шум киргизбей" карманып оку деп. Үн коштоо иши деле оңой эмес. Азыр бизге күнүнө жок дегенде бирден киши "баланчанын үнүн коштойт элем" деп келет. Кээ бири азыр окулуп жаткан Баязед, Селимдердикин деле талашып сурай беришет.

Хүррем Султан айымдын үнүн коштогон Кыял Төрөгулова — Султан Сулейманга катын окуп жатат

— Азыр студияда жалаң театрдын кызматкерлери иштейби?
— Басымдуу бөлүгү. Айрымдар кастинг аркылуу келип, жагып калса алып калабыз. 

— Тасмада эми Хүрремдин күнү бүтүп баратат, акылман айымдын кандай асыл сапаттарын ала-алдыңыз?

— Көрүүчүлөр Султан айымды терс каарман катары билишет. Мен дайыма каарманымдын таламын талашып, аны жактап келем. Анткени ал жеке керт башы, сүйүктүүсү, балдары үчүн кандай гана күндөрдү башынан кечирген жок. Андагы чексиз сабырдуулукту жана чечкиндүүлүктү баалайм. Азыркы учурда ар бир айымга мындай асыл сапаттар жетишсиз деп ойлойм.

— Өзүңүзгө терс жактарын да алдыңызбы?
— Жок. Болсо да айта албайм. Анткени ал менин каарманым да.

— Сиз өзүңүз Хүрремдин образын жараткан түрк актрисасы Мерием Узерлинин ордунда болсоңуз бул ролду аткара алмакмын деп ойлойсузбу? 
— Албетте мен профессионалдуу актриса болгондон кийин аткара алмакмын. Ачыгын айтсам Мерием Узерлиге ушундай даңазалуу роль тийгенине суктанып, ичим тарып кетет. Мен дагы ошондой ролдордун бирин ойносом деп кыялданам.

— Бул каармандан кийин эми башкаларга да сунуштар түшүшү мүмкүнбү, бир каармандын образынан чыгуу кыйын дешет?

— Биздин эл аз болгондуктан, бат эле билинип калабыз. Ал эми Россияныкын алып карасак, актриса Анна Большова эркектикин да, аялдыкын да бирдей коштой берет. Азыр котормо студиясынан дагы да сунуштар түшүп жатат, бизде чектөө жок каарманга үн туура келсе эле коштогонго болот. Кийинки тасмаларды Хүрремдикинен башкачараак кылып оку деп айткандар болуп жатат. 

Актриса и звукорежиссер Кыял Торогулова.
© Фото / Элита Кермакунова
Кыял Төрөгулова: мага бир жактуу жеңил ойлуу айымдардын ролу туш келип калчу. Анан туугандарым "Ай, сага мындан башка роль беришпейби" деп айткандары болгон.

— Актриса катары чыгармачылык жолуңуз кантип башталды эле?

— Мурун театрда иштеп, спектаклдерде ойночумун. Кинодо баш каармандын болбосо да, роль жаратып жүрөм. Бирок эмнегедир мага бир жактуу жеңил ойлуу айымдардын ролу туш келип калчу. Анан туугандарым "Ай, сага мындан башка роль беришпейби" деп айткандары болгон. Бир жолу кызыма да ушинтип айтышса, ал "Жок, менин апам эң жакшы" деп жооп бериптир (күлүп). Котормо студиясына театрдан 2010-жылы келип, көптөгөн кино жана мульт каармандардын үнүн коштоп келем.

4059
Белгилер:
Кыял Төрөгулова, кино, театр
Тема боюнча
Чекист, ырчы жана теолог: КР элчилеринин таржымакалы
Кумар Жалиев: Кыргызстандын спортчулары допинг колдонсо дүйнөнү басып кетет
Түнкү Бишкек. Архив

Бишкекте бир нече район жарыксыз калды

104
(жаңыланган 21:23 25.10.2021)
Буга чейин "Бишкек сегодня" Telegram тайпасындагылар электр жарыгы жок отурганын айтып нааразы болушкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкекте авариялык өчүрүү болуп, 6-11-кичи райондору жана Жумушчулар шаарчасы жарыксыз калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин "Бишкек сегодня" Telegram тайпасындагылар электр жарыгы жок отурганын айтышкан.

"Авариялык өчүрүү Абдыкалыков подстанциясында болжол менен саат 19:30да болгон", — деп айтылат маалыматта.

"Түндүк электр" ишканасы азыркы тапта абоненттердин линиялары башка чубалгыларга кошулуп жатканын белгиледи.

Ал эми Жумушчулар шаарчасында бригада күндүз эле кабелдик чубалгы бузулганын билишкен. Бирок азыр дагы бирөөсүн издеп жатышат. Энергетиктер маселени тезирээк чечүү үчүн болгон аракетин көрүп жатканы кошумчаланды.

104
Белгилер:
Бишкек, электр жарыгы, оңдоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров Кыргызстан качан энергетикалык кризистен чыгарын айтты
26-октябрда Бишкектин кайсы бөлүктөрүндө жарык өчөт? Тизме
Парктагы күзгү жалбырактар. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

53
26-октябрда күндүз республика аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Шейшембиде өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Таласта +13…+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Нарын жеринде +9…+14 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +19…+21 градусту көрсөтөт.

53
Белгилер:
аба ырайы, октябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Суукта дем алуу органдарын коргой турчу азыктардын чен өлчөмү айтылды
Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

0
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу