Кадыр түндү кантип туура өткөрүү керек

Жазылуу
Миң айга тете болгон бул түнү эмнелерге тыюу салынат? Жараткандан эмнени тилөө керек? Бул суроого төмөнкү макаладан жооп аласыздар.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Быйыл Кадыр түн 1-июлдан 2-июлга караган түнү болот. Бул түндү кандайча өткөрүү керектигин, анын эрежелерин Ислам университетинин ректору Марс Ибраев баяндап берди. 

Анын айтымында, бул түн 1000 айга барабар.

"Куранда Кадыр түн тууралуу Кадр сүрөөсү бар. Ал жерде Кадыр түнү Куран түшүрүлө баштаганы баяндалат. Негизи бул түн миң айдан да артык деп айтылат. Бул 83 жылга барабар. Эгерде Кадыр түнү эки рекет намаз окусаңыз, 83 жыл окуганга барабар болот", — деди ректор. 

Ал ыйык түндө отуруш өткөрүү күнөө болорун кошумчалады.

Орозо айында ифтарга даярдануу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орозо күнү эң узак болгон өлкөлөрдөгү кыргыздар кантип жатат
"Бул түнү достор менен чогулуп отуруш өткөрүү, жаман сөздөрдү сүйлөө күнөө болуп саналат. Эреже боюнча аны ибадат менен өткөрүү керек. Ошол эле кошуналар, достор же туугандар менен биргеликте баяндарды куруп, ак дасторкон жайып отурса да болот. Эгерде андай мүмкүнчүлүк жок болсо мечиттерге баруу жакшы. Бул түнү бардык мечиттердин эшиги ачык. Таң атканча отурбаса да ооз жабарга чейин дуба кылып, эки рекет намаз окуп отуруу максатка ылайык болуп саналат", — деди Ибраев. 

Аалым бул түндү бекер өткөрүп жибербөө керектигин билдирди. 

"Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) бул түнү жараткан пенделеринин дубаларын кабыл кылаарын айткан. Андыктан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, көп-көп дуба кылып, жараткандан тилеп алуу керек", — деди ал. 

Ибраев бул түнү урушуу жаман кадам катары саналаарын баса белгилеп, ынтымакты бекем сактоо менен өткөрүү керектигин айтты. 

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2016-жылдын Орозо календарынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0