Казакстанда тутанган күйдүргүдөн улам кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл күчөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан-Казакстан чек арасы. Архив
Кыргызстан-Казакстан чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Караганда облусунда адамдардын күйдүргү дартына чалдыкканы катталды. Ал эми Кыргызстанда эпизоотикалык абал туруктуу.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Казакстанда чыккан күйдүргү дартынан улам Кыргызстан коңшу өлкө менен болгон чек арадагы көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов билдирди.

Буга чейин малдан жуккан күйдүргү илдети менен Казакстандын Караганда облусунун тургундары ооруп жатканы катталган.

"Коңшу мамлекетте чыккан оорудан улам биздин мекеме кыргыз-казак чек арасында Казакстандан кирип жаткан эт азыктарына болгон ветеринардык көзөмөлдү күчөттү. Башкача айтканда, бардык өткөрүү пункттарында документтер тыкыр текшерүүдөн өтүп жатат", — деди Жумаканов.

Ал кыргыз тарап Казакстан менен Евразиялык экономикалык комиссияга ЕАЭБ мамлекеттерине оору жуккан азык-түлүктөрдү киргизүүнү токтотууга багытталган чараларды көрүү боюнча кайрылуу жөнөткөнүн кошумчалады.

Муну менен бирге Жумаканов Кыргызстанда эпизоотикалык абал туруктуу экенин белгилеп, оорулуу мал катталбаганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0