Кыргызстанда ажы башчыларын тандоо сынагы өтөт

© flickr.com / Francisco OsorioМусулман киши. Архив
Мусулман киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талапкерлер ажылыкка тиешелүү фыкх маселелери менен араб тилин билип, КРдин мыйзамдары жана маалымат технологияларын жакшы өздөштүрүшү керек.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Зыярат кылуу үчүн Меккеге баргандарды баштап, коштоп жүрүүчү ажы башчыларын тандоо сынагы өтө турганын муфтият билдирди. 

Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажылык сапарга Ош облусунан 1300гө жакын жаран жолдомо алды
Белгилей кетсек, быйылкы жылы ажылык сапарга зыяратчылар август айынан тарта кете башташат.

Сынак Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругунун негизинде үстүбүздөгү жылдын 29-30-июнь күндөрү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын имаратында болот.

Ажы башчылар үч этап менен тандоодон өтүшмөкчү:

  • 1-этапта тест сынагынан өтүп, андан жогорку упай алган талапкерлер тандалып алынат.
  • 2-этапта талапкерлер оозеки сынак тапшырышат.
  • 3-этапта талапкерлердин саны квотадан ашып кеткен учурда алардын ортосунда электрондук чучукулак өткөрүлөт.

2016-жылдагы ажы башчылыгына талапкерлер ажылыкка тиешелүү фыкх маселелери менен араб тилин билип, КРдин мыйзамдары жана маалымат технологияларын жакшы өздөштүрүшү керек. Анын ичинде Word, Excel программалары менен тааныштыгына өзгөчө басым жасалмакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0