Снимок с социальной сети Facebook пользователя Tilek Mamutov.  Юрта в офисе отдела Google X.

Google X кеңсесине боз үй тигилди

267
(жаңыланган 12:09 27.06.2016)
Кыргыз үйдө эми жолугушуулар өтүп турмакчы.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Google X бөлүмүнүн кеңсесине боз үй тигилгенин корпорациянын кыргызстандык адиси Тилек Мамутов Facebook баракчасынан маалымдады.

Анын айтымында, боз үйдө эми мындан ары жолугушуулар өтүп турмакчы. 

Google X бөлүмү дүйнөнү түп тамырынан бери өзгөртө турган технологияларды иштеп чыгууга багытталган. Дал ушул бөлүмдө буга чейин интернет таратуучу аба шарларын иштеп чыгуу идеясы көтөрүлгөн.

267
Белгилер:
Боз үй, Google, Тилек Мамутов
Тема боюнча
Google компаниясын багынткан Мамутов. "Заманбап көчмөндүн" аңгемеси

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Түз эфир

7
Суракматов борбор калааны жетектөөгө мындан эки жыл мурун, 2018-жылы киришип, Албек Ибраимовдун ордуна келген.

Бишкек мэри болуп эки жылдан бери иштеп келе жаткан Азиз Суракматовдун кызматтан кете турганы тууралуу маалымат бүгүн тарады. 

Мэрия шаар башчысы маалымат жыйын өткөрө турганын кабарлаган. 

Sputnik жыйынды түз алып берүүдө

7
Белгилер:
отставка, кызмат, мэр, Бишкек мэриясы, Азиз Суракматов
Тема боюнча
Бишкек мэри Суракматовдун иштен кетери айтылды
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков

Калбеков: кирешеси айына 9000 сомдон ашпаган жаран акысыз жактоочу ала алат

10
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков аталган мекеменин максаты аз камсыз болгон атуулдарга акысыз юридикалык кызмат көрсөтүү экендигин айтты.
Калбеков: кирешеси айына 9000 сомдон ашпаган жаран акысыз жактоочу ала алат

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун түзүлгөнүнө эки жылдан ашты. Ал эки багытта жарандарга кызмат көрсөтөт. Биринчиси — акысыз консультация берүү, экинчи иши — кирешеси аз адамдарды зарыл учурда жактоочу менен камсыздоо. Бул тууралуу Акжол Калбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акысыз консультацияны бардык кыргызстандыктар, ал тургай чет мамлекеттин жарандары да ала алат.

"Биздин мекеменин ачылганына эки жылдан ашты. 2018-жылы 5000ден ашуун жаранга юридикалык жардам берсек, 2019-жылы бул сан 14 000ге жетти. Анын 65 пайызында иш оң тарабына чечилип, сегиз жаран акталып чыккан. Борбор эки түрдө юридикалык көмөк бере алат. Биринчиси, өлкө аймагында жүргөн бардык адамдар кайрылып кеңеш алса болот. Ал эми соттук иштерде акысыз адвокат менен камсыз кылуу Кыргызстандын жарандыгы бар, айлык кирешеси 9000 сомдон ашпаган адамдарга гана жеткиликтүү. Бул учурда биздин реестрге катталган адвокаттар ал адамдын соттук иштеринде башынан аягына чейин катышат. Жактоочунун гонорарын мамлекет төлөп берет. Муктаж болгондорго кеп-кеңеш берүү үчүн учурда республикада 28 борбор иштеп жатат, келечекте ар бир районго бирден ачууну пландоодобуз", — деди Калбеков.

Ал жаранга акысыз кызмат көрсөткөн жактоочуга мамлекет ишинин сапатына карап акча төлөөрүн кошумчалады.

10
Белгилер:
жардам, мамлекет, укук, жактоочу
Тема боюнча
Адис уюлдук телефонго жакындарды "ата", "апа" деп сактабаш керектигин айтты