Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Беш өрдөк: ээрден шыпырылчу Турсунбеков менен өмүрү кыл учунда турган Турганбаев

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Азия news" гезитинин өткөн аптада чыккан санында экс-министр "Мелис Турганбаевдин өмүрүнө коркунуч жаралдыбы?" деген макала
Азия news гезитинин өткөн аптада чыккан санында экс-министр Мелис Турганбаевдин өмүрүнө коркунуч жаралдыбы? деген макала - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Экс-министр Мелис Турганбаевдин өмүрүнө коркунуч жаралуудабы?

"Азия news" гезитинин өткөн аптада чыккан санында экс-министр "Мелис Турганбаевдин өмүрүнө коркунуч жаралдыбы?" деген макала жарык көрдү. 

"Учурунда Мелис Турганбаев министр болуп турганда, анын кареги менен тең айланган кызматкерлери ор каза башташыптыр. Ушул күнү генерал Турганбаев спортсмен-автоматчиктердин курчоосунда жүргөнүн көрүп калып жатабыз. Душмандары иттин кара капталынан көп эле, өмүрүнө коркунуч жаралып жатабы?" — деп жазылат басылмада. 

Генерал Мелис Турганбаев бир гана Кудайдан корко турганын айтты. 

"Мен бир гана Кудайдан корком. Андыктан жан сакчылар менен жүрөт деген маалымат туура эмес. Мени эч ким сатып кеткен жери жок. Бардыгы мурдагыдай эле сыйлашат. Өмүрүмө эч коркунуч жаралган жок", — деди экс-министр. 

Депутат Жыргалбек Саматов жайкы эс алуудан кийин ЖКнын "астанасын аттабай" калабы?

"Фабула" гезитинин 24-июнда чыккан санында "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов депутат Жыргалбек Саматовду жайкы эс алуудан ары мандатынан ажыратат деп жазып чыкты.

"Өмүрбек Бабанов депутат Саматовду жайкы эс алуудан ары карай биротоло мандатынан ажыратып, кайра ЖКнын босогосун аттагыс кылмай болуп жатыптыр. Бабанов Саматовгө мөөрөй алдырып койгонуна моюн сунгусу келбей, кайрадан "тиш салып" көрүүнү чечиптир", — деп жазат басылма.

Эл өкүлү Жыргалбек Саматов Sputnik Кыргызстан агенттигине бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

"Айтылган маалыматтын баары жөн гана ушак. Албетте, мага жамандык каалаган адамдар жок эмес. Бирок мен кыргыз эли үчүн кызмат кылуумду уланта берем", — деди Саматов. 

Спикер Чыныбай Турсунбеков күзүндө ээрден шыпырылабы?

"Ачык саясат Plus" гезитинин 24-июнда чыккан санында спикер Чыныбай Турсунбеков күзүндө креслодон кол жууйт деп жазды.

"Турсунбеков спикер болгондон бери депутаттар ортосунда кайым айтышуулар күч алып, Чыныбай мырзага нааразы болгондор көбөйдү. Ар бир жыйын сайын эл өкүлдөрү спикер регламентти сактабай жатканын айтып, капа болушууда. Анын үстүнө президенттин да Турсунбековго ичи чыкпай жатканын эшиттик. Мындан улам күзүндө жаңы төрага дайындалып калышы ыктымал", — деп жазат аталган гезит.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бул көрө албастардын кеби деген пикирин айтты. 

"Бул маалымат боюнча кыскача эле жооп берейин, көрө албастардын эле чыгарган ушагы", — деди спикер. 

Ачык саясат Plus гезитиндеги макала - Sputnik Кыргызстан
Беш өрдөк: "пыш" болчу депутат Мискенбаев жана ар кимдин эшигин каккылаган Кенекеев
Ал эми саясий серепчи Бакыт Бакетаев болсо спикер болуп шайланган Чыныбай Турсунбеков ири ката жасай электигин белгилейт. 

"Жогорку Кеңеш алты жыл ичинде парламентаризмдин куралдарын изилдеп бүтүштү. Эгерде фракциялар спикерден каталарды тапса, регламент аркылуу бат эле кетирип салышы мүмкүн. Чыныбай Турсунбеков азырынча чоң ката кетире элек. Андыктан аны кетет деп айтуу эртелик кылат. Бирок кетпейт деп да айтуу кыйын болуп турат", — деди Бакетаев. 

Жаңылыктар түрмөгү
0