Prisma программасы видеолордун стилин өзгөртөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовPrisma тиркемесин жүктөп жаткан колдонуучу. Архив
Prisma тиркемесин жүктөп жаткан колдонуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программа жакынкы күндөрү колдонуучуларга сунушталат.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Сүрөттөрдү ар кыл стилде жасалгалаган Prisma программасы аркылуу жакынкы күндөрү видеолорду да жасоого болот. Бул тууралуу стартаптын авторлорунун бири Алексей Моисеенков Facebook социалдык тармагындагы өздүк баракчасына жарыялады. 

Учурда адистер видеону сапаттуу кылып жасоо үчүн иштеп жатышат. Мисал катары Моисеенков өз видеосун жасап, интернетке чыгарды. 

Программанын качан чыгары азырынча белгисиз. 

Prisma тиркемесинин жардамы менен сүрөттөрдү белгилүү сүрөтчүлөрдүн стилине салып жасап алса болот. Сиздин сүрөтүңүз дал ошол белгилүү сүрөтчүнүн стилинде тартылгандай таасир калтырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0