Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Арпачиев 14 жылга соттолду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТүрмө. Архив
Түрмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жыл мурда Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси өзүнүн кабинетинде ири суммада пара алып жаткан жеринен кармалган.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кылычбек Арпачиевди Бишкектин Биринчи Май райондук соту ири көлөмдөгү пара талап кылгандыгы үчүн 14 жылга кести. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Ал былтыркы жылдын март айында УКМК тарабынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. УКМКнын берген маалыматына ылайык, Арпачиев бир ишкердин кылмыш ишин жабуу үчүн акча сураган. Кийинчерээк ал ишкер — экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков экени белгилүү болгон.

Чөнтөккө акча салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишенген кожом сен болсоң… атка минерлер пара менен кармалганда
Токтошеванын айтымында, Арпачиевдин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү 14 жыл көчөтүлгөн тартипте жаза өтөмөй болду. 

Анын кабинетинен алынган 30 миң доллар мамлекеттин пайдасына чегерилмекчи. 

Кылмыш кодекстин 61-беренесине (Жазаларды кошуу жана кошуп эсептөө эрежелери) ылайык, буга чейин камакта отурган ар бир күнү катуу шарттагы эки күнгө тете деп эсептелет. 

Күнөөлөнгөн адам соттун бул чечимине макул болбосо 10 күндүн ичинде башка инстанцияга арызданууга укугу бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0