Бишкектен Стамбулга карай аба каттамы бир саатка кечигип жатат

© REUTERS / Osman Orsal Стамбулдун Ататүрк атындагы аэропортунда шейшемби күнү үч ирет жардыруу болгон жай
Стамбулдун Ататүрк атындагы аэропортунда шейшемби күнү үч ирет жардыруу болгон жай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбулда теракт болуп, андан 36 киши каза тапты.

БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Бишкектен Стамбулга багыт алган учактар бир саатка кечигип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Манас" аэропортунун диспетчердик кызматы билдирди.

Түркиянын Ататүрк аэропортундагы түндө болгон теракт - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы терактыдан жабыркагандардын ичинде КР жарандарынын бар-жогу такталууда
Стамбулдун Ататүрк атындагы аэропортунда шейшемби күнү үч ирет жардыруу болгон. Андан 147 адам жабыркап, 36 киши каза тапкан.

"Манас" аэропорту каттам саат 10.25ке белгиленгенин, эми 11.30га жылганын билдирди. Ал эми Стамбулдан Бишкекке келе турган учактардын баары учуп келгени айтылды.

Түркиянын "Ататүрк" аэропортундагы жарылуу. Кырсык болгон жерден алынган сүрөттөрдү Sputnik Кыргызстандын фотолентасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0