Баспай калган 12 жашар Тилек үй-бүлөсүн багыш үчүн үй сатып оокат кыла баштады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ювенилдүү артрит" оорусуна чалдыккан он эки жашар Тилек Алтымышев. Архив
Ювенилдүү артрит оорусуна чалдыккан он эки жашар Тилек Алтымышев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилек Алтымышев — "ювенилдүү артрит" оорусуна чалдыккан он эки жашар бала. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Светлана Федотовага анын кичинекей үйлөрдү жана мечиттерди кантип жасай турганын жана колунан чыккан буюмдарды эмнеге сатып жатканын айтып берди.

Кичине бала майыптардын креслосуна отуруп калганына беш жылдан ашты, бирок кол куушуруп тагдырга багынып берүү оюнда жок. Тилектин эрдиги жана чечкиндүүлүгү бала эмес, чоң кишинин онуна татып, көптөргө кайрат берчүдөй. 

Үмүтсүз — шайтан... Баспай калган 12 жашар Тилек далай дабанды ашарына - Sputnik Кыргызстан
Үмүтсүз — шайтан… Баспай калган 12 жашар Тилек далай дабанды ашарына көзү жетет
— Сен Интернеттин чыныгы жылдызына айландың. Тагдырыңды баяндаган материалга бир нече саатта эле миңге жакын адам жооп жазыптыр.

— Бизде үйдө Интернет жок, ошон үчүн кошунам жардам кылайын деп чечиптир, ага рахмат. Эми мен эмне менен алектенеримди көп эле киши билет. Бир өзгөрүү болоттур деп ойлосуң да. Бүгүн менден экинчи жолу интервью алып жатышат, кызыктай бир сезимдер… Буга чейин мага мынчалык эч ким деле көңүл бөлгөн эмес. 

— Өзүңдүн кызыгып жасаган ишиң менен акча табуу оюңа кантип келди? 

— Кичинекей кезимде машина уруп кетиптир, бирок, аны эстей албайм, үйдөгүлөр айтып беришкен. Кийин бир аз баскам… Ал эми азыр өзүмдү туулгандан бери эле коляскада отургандай сезем… Атам да майып. Апам мурда биз менен жашачу, анан кетип калды. Эми анын башка үй-бүлөсү болсо керек. Башында анча-мынча жардам берип турчу, кийин ал тургай туулган күнүмдө да чалбай калды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТилек Алтымышев: апам мурда биз менен жашачу, анан кетип калды. Эми анын башка үй-бүлөсү болсо керек. Башында анча-мынча жардам берип турчу, кийин ал тургай туулган күнүмдө да чалбай калды.
Интервью с 12-летним инвалидом Тилеком Алтымышовым - Sputnik Кыргызстан
Тилек Алтымышев: апам мурда биз менен жашачу, анан кетип калды. Эми анын башка үй-бүлөсү болсо керек. Башында анча-мынча жардам берип турчу, кийин ал тургай туулган күнүмдө да чалбай калды.

— Кичинекей болсоң да ойлонгонуң башкача экен…
— Мен кадимки 12 жаштагы балдардай элемин. Эмне үчүн антип ойлоп жатасыз. Сиз менен болгонун болгондой сүйлөшүп жатам, анан өзүмдү калп эле алдай бергим келбейт. Үй-бүлөм жакшы, атам алган, эжелерим тапкан акча менен күн көрөбүз. Эми… азырынча кичине кыйналып турабыз, бирок баары жакшы болот. Мен үйдөгүлөргө аябай жардам бергим келет. Мен аларды жакшы көрөм.

— Чоңойгондо архитектор болсом деген оюң барбы?
— Кайдагы ой, он экиде элемин да. Азырынча жөн гана атам менен эжелериме жардам берсем дейм. Жакшы жашайлы деп баары иштеп жатат. Эжелеримдин университетте окугусу келгенин билем, бирок ага азыр күчүбүз жетпейт. 

— Мындай кооз буюмдарды жасаганыңа канча болду, ким үйрөттү? 
— Атам үйрөткөн. Менин айымдан ал иштебейт, ошон үчүн бекер отурбайлы деп кичинекей үйлөрдү жана мечиттерди жасай баштаганбыз. Эң башында окшошпой кыйналгам, азыр колдорум көнүп, ыгын таап алгам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТилек Алтымышев — "ювенилдүү артрит" оорусуна чалдыккан он эки жашар бала.
Тилек Алтымышев — ювенилдүү артрит оорусуна чалдыккан он эки жашар бала. - Sputnik Кыргызстан
1/8
Тилек Алтымышев — "ювенилдүү артрит" оорусуна чалдыккан он эки жашар бала.
© Sputnik / Табылды КадырбековАл майыптардын креслосуна отуруп калганына беш жылдан ашты, бирок кол куушуруп тагдырга багынып берүү оюнда жок.
Ал майыптардын креслосуна отуруп калганына беш жылдан ашты, бирок кол куушуруп тагдырга багынып берүү оюнда жок. - Sputnik Кыргызстан
2/8
Ал майыптардын креслосуна отуруп калганына беш жылдан ашты, бирок кол куушуруп тагдырга багынып берүү оюнда жок.
© Sputnik / Табылды КадырбековТилек жасаган жыгач үй
Тилек жасаган жыгач үй - Sputnik Кыргызстан
3/8
Тилек жасаган жыгач үй
© Sputnik / Табылды КадырбековБаз муздактын таякчасынан жасалган мечит
Баз муздактын таякчасынан жасалган мечит - Sputnik Кыргызстан
4/8
Баз муздактын таякчасынан жасалган мечит
© Sputnik / Табылды КадырбековТилектин колунан жасалган боз үй
Тилектин колунан жасалган боз үй - Sputnik Кыргызстан
5/8
Тилектин колунан жасалган боз үй
© Sputnik / Табылды КадырбековБаз муздактын таякчасынан жасалган араба
Баз муздактын таякчасынан жасалган араба - Sputnik Кыргызстан
6/8
Баз муздактын таякчасынан жасалган араба
© Sputnik / Табылды КадырбековШиреңкеден жасалган эки кабаттуу там
Ширеңкеден жасалган эки кабаттуу там - Sputnik Кыргызстан
7/8
Ширеңкеден жасалган эки кабаттуу там
© Sputnik / Табылды КадырбековТилек жасаган жер үй
Тилек жасаган жер там - Sputnik Кыргызстан
8/8
Тилек жасаган жер үй
1/8
Тилек Алтымышев — "ювенилдүү артрит" оорусуна чалдыккан он эки жашар бала.
2/8
Ал майыптардын креслосуна отуруп калганына беш жылдан ашты, бирок кол куушуруп тагдырга багынып берүү оюнда жок.
3/8
Тилек жасаган жыгач үй
4/8
Баз муздактын таякчасынан жасалган мечит
5/8
Тилектин колунан жасалган боз үй
6/8
Баз муздактын таякчасынан жасалган араба
7/8
Ширеңкеден жасалган эки кабаттуу там
8/8
Тилек жасаган жер үй

— Мечиттерди тим эле өзүндөй кылып жасайт экенсиң. Канча убакыт кетет? 
— Кээде бир күн, кээде бир жума. Жасап жатканыңдын татаалдыгына жана канча материал керектигине жараша болот. Жупуну үйлөрдү эле эмес, татаалдарын да жасай ала турганыма кечээ эле жакында көзүм жетти. Колум көнүп, тажрыйбамдын өскөнүнөн болсо керек деп ойлойм. Анын үстүнө бош убактым да көп.

— Үйдөгүлөргө бул өнөрүң жагабы?
— Ооба, аябай. Менин колумдан ушундай иш келип жатканына атам сыймыктанат, эжелерим мага ишенет. Мен болсо аларды кубандырып, майда-чүйдө үйгө керектүү буюм жасап бергенди жакшы көрөм. Алар үчүн бул эң баалуу белек болсо керек, ошон үчүн аларга дагы көп буюмдарды жасап берсем дейм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТилек Алтымышев: досторум боорукер жана дайыма кабак-каштары ачык, күлүп-каткырып жүрүшөт. Көбүнчөсү балдар, бирок кыздар менен да сүйлөшүп турам.
12-летний инвалид Тилек Алтымышов  - Sputnik Кыргызстан
Тилек Алтымышев: досторум боорукер жана дайыма кабак-каштары ачык, күлүп-каткырып жүрүшөт. Көбүнчөсү балдар, бирок кыздар менен да сүйлөшүп турам.

— Буларды эмнеден жасайсың?
— Жыгачтан жасалган бардык нерселерди: тиш чукугуч, бал муздактын таякчасын жана башкаларды колдоном.

— Эмне жасай турганыңды алдын ала ойлоп коёсуң да, ээ?
— Атам экөөбүз сейилдеп жүрүп, бирге ойлоп табабыз.

— Сурагандарга жасап бересиңби?
— Ооба. Менимче, бул мыкты белек. Эгер татаал нерсе жасаш керек болсо, күтүүгө туура келет, бирок мен аябай аракет кылам…

— Досторуң көппү? 
— Ооба, элдикиндей эле. Алар боорукер жана дайыма кабак-каштары ачык, күлүп-каткырып жүрүшөт. Көбүнчөсү балдар, бирок кыздар менен да сүйлөшүп турам. Сейилдейбиз, сырдашабыз, ал тургай, кээде урушуп да кетебиз.. Бирок ойноп урушабыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТилек: жакында жасагандарымды баарын сатып, үй-бүлөмө жеткидей акча тапсам дейм. Бутум айыгып, басып кетсем деп тилей берем.
Интервью с 12-летним инвалидом Тилеком Алтымышовым - Sputnik Кыргызстан
Тилек: жакында жасагандарымды баарын сатып, үй-бүлөмө жеткидей акча тапсам дейм. Бутум айыгып, басып кетсем деп тилей берем.

— Мектепчи?
— Мен мектепке бара албайм да, мугалим эжеке үйгө келип сабак берет. Баарынан математика жагат. Азыр болсо бардык окуучулардай эле мен да каникулдамын.

— Жакында эмне кылайын деген оюң бар? 
— Жасагандарымды баарын сатып, үй-бүлөмө жеткидей акча тапсам дейм. Бутум айыгып, басып кетсем деп тилей берем. 

Жаңылыктар түрмөгү
0