Ысык-Көлдө бүтүрүүчүлөрдү чоң турмушка узатышты

© Sputnik / Sputnik/Алексей Ковалев / Медиабанкка өтүүБүтүрүүчүлөр. Архив
Бүтүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустагы мыкты делген 70 бүтүрүүчүнүн ичинен 21и өзгөчө үлгүдөгү аттестат алды.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Караколдо Ысык-Көл облусу боюнча аяктаган мыкты бүтүрүүчүлөрдү чоң турмушка узатуу салтанаты өткөнүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ысык-Көл облусундагы мыкты окуучулардын 21и өзгөчө үлгүдөгү аттестат алса, 17си олимпиаданын жеңүүчүлөрү болуп саналат. Жалпы тестирлөөдөн жогорку баа алган эки окуучу алтын сертификатка ээ болсо, ал эми үчөө "ХХI кылымдын Интеллектуалдары" конкурсунун жеңүүчүлөрү болушкан.

"Бүгүн силер билимиңердин жыйынтыгы менен сыймыктансаңар болот. Алган билимиңер мындан ары турмуш жолуңарда туура жол тандаганга жардам берет деген ишенимдемин. Силер эми үй-бүлөңөрдүн эле эмес, бүткүл өлкөнүн тиреги болосуңар",— деди өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев.

Ал бүтүрүүчүлөр менен мугалимдерди ыраазычылык кат жана акчалай сыйлык менен сыйлады. Андан сырткары балдардын ата-энелеринин эмгегин белгилеп, аларга ыраазычылык кат тапшырды.

Облус аймагында акыркы беш жыл ичинде 30 мектеп курулган, ал эми дагы төрт айылда заманбап мектептердин курулушу жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0