Жээнбеков Түркиядагы терактыдан улам өкмөт башчы Бинали Йылдырымга көңүл айтты

© REUTERS / Murad SezerЭксперты на месте теракта, где на входе, выходе и на парковке в международном терминале стамбульского аэропорта Ататюрка прогремели три взрыва.
Эксперты на месте теракта, где на входе, выходе и на парковке в международном терминале стамбульского аэропорта Ататюрка прогремели три взрыва. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терактыдан бир кыргызстандык жаран — 18 жаштагы Бахтияр Юнусов жабыркаган.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы "Ататүрк" аэропортундагы адам өмүрүнө забын болгон терактыга байланыштуу өкмөт башчы Бинали Йылдырымга көңүл айтты.

Эскерте кетсек, шаршембиге караган түнү аталган аба майданда үч ирет жарылуу болгон. Анын кесепетинен 41 адам каза болуп, 249 киши жаракат алган. Аэропортто бир катар эл аралык каттамдар токтогон. Терактыдан бир кыргызстандык жаран — 18 жаштагы Бахтияр Юнусов жабыркаган.

"Бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган теракт тууралуу маалыматты кайгыруу менен кабыл алдык. Терроризм менен экстремизмге каршы дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин колдоого алабыз", — деп айтылат телеграммада.

Жээнбеков терактыдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тез арада айыгып кетишин каалай турганын белгиледи.

Жарым жыл ичинде Түркиянын кайсыл жерлеринде кандай теракт болуп, канча адамдын өмүрүн алгандыгын Sputnik Кыргызстандын төмөнкү топтомунан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0