Стамбулдан Бишкекке учактар аман-эсен келе баштады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" эл аралык аэропортундагы учак. Архив
Манас эл аралык аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектен Стамбулду көздөй багыт алган учактар да эч тоскоолдуксуз учуп кетти.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкекке Стамбулдан Turkish аirlines авиакомпаниясынын эки учагы учуп келгенин "Манас" аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Стамбулдагы теракт учурунда аэропорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы жардырууга кабылып, ажалдан аман калган Тилек Токомбаевдин баяны
Анын айтымында, биринчи каттам бейшемби күнү саат 06.28де келсе, 20 мүнөттөн кийин анын артынан дагы бир лайнер конгон.

Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортундагы терактыдан улам ТК348 жана ТК344 каттамдары токтотулган. Белгиленген боюнча алар 29-июнь күнү эртең менен Кыргызстанга учуп келиши керек болчу.

Эскерте кетсек, шаршембиге караган түнү Стамбулдун аба майданында үч ирет болгон жарылуу 41 адамдын өмүрүн алып кетти, дагы 300дөн ашууну жарандар болгон. КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча жабыркагандардын арасында 18 жаштагы кыргызстандык жаран Бахтияр Юнусов бар. Учурда анын абалы туруктуу экени айтылууда.

Жарым жыл ичинде Түркиянын кайсыл жерлеринде кандай теракт болуп, канча адамдын өмүрүн алгандыгын Sputnik Кыргызстандын төмөнкү топтомунан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0