Көлдөгү айрым пансионаттар электр энергиясын мыйзамсыз арзан баада алып келишкен

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүЭлектр лампочкалары. Архив
Электр лампочкалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке эс алуу жайлары "өнөр жай колдонуучулары" тарифтик тобуна кириши керек болчу, бирок Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментине жеке кат жазуу менен электр энергиясын "эл" тарифтик тобу менен алып келишкен.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Чолпон-Ата райондук электр станциясы (РЭС) менен "Чыгыш электро" ишканасы "Солнышко", "Витязь", "Каприз", "Карвэн Ысык-Көл", "Радуга плюс эс алуу борбору" жана "Кейсар" эс алуу жайларындагы коттедждер жеңилдетилген тариф менен электр энергиясын алып келгенин Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай мыйзам бузуу Эсеп палатасынын аудитордук текшерүүсүнүн жыйынтыгында белгилүү болгон. 

Оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК электр кубатынын тарифин аныктоону тармактык агенттикке жүктөөнү чечти
Аты аталган эс алуу жайлары "өнөр жай колдонуучулары" тарифтик тобуна кириши керек болчу, бирок Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментине жеке кат жазуу менен электр энергиясын "эл" тарифтик тобу менен алып келишкен.

Ошентип Чолпон-Ата РЭС менен "Чыгыш электро" ишканасынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып жеке коттедждин ээлерине жеңилдетилген тариф менен электр энергиясын берип келген. "Чыгыш электро" ААКтын кирешелер бөлүгүнө 13 миллион 700 миң сом зыян келген. Ал эми мамлекеттик бюджетти дивиденд түрүндө жалпысынан 3 миллион 400 миң сом чыгымга учураткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0