Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү жип жана мык менен тартылат

Жазылуу
Азамат Жаналиев сүрөттү эки күндө бүтүрүүнү пландап жатканын айтты

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Буга чейин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн тарткан Азамат Жаналиев эми президент Алмазбек Атамбаевдин да сүрөтүн жип жана мык менен тартууну пландап жатат. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Белгилей кетсек, Жаналиев Чыңгыз Айтматовдун портретин аукциондо 88 миң сомго саткан эле. Анын эмгеги Айтматовдун үй-музейине коюлган.

"Өлкө башчысынын портретин да тартып көрүүнү чечтим. Бүгүн тактайга мыктарды кагып бүттүм. Эми эки күндүн ичинде, башкача айтканда 1-июлга карата бүтүрөйүн деп жатам", — дейт ал.

Өжөр студенттер 13,5 миң мыктан жана 20 чакырым жиптен желек жасашты
Жаналиев портреттин узундугу — 125 сантиметр, туурасы — 84 сантиметр болорун кошумчалады.

Ал келечекте кыргыздын чыгаандары — Саякбай Каралаевдин, Сүймөнкул Чокморовдун жана Курманжан датканын портретин да тартууну пландап жатканын билдирди.

Андан сырткары, Жаналиев оюнда башка мамлекеттердин да өлкө башчыларын сүрөткө түшүрүү бар экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0