Намаз окуп жаткан мусулман. Архив

Орозо айт майрамын белгилөө эрежелери

1137
(жаңыланган 07:24 05.07.2016)
Жараткандын бул улуу күнүн кандай өткөрүү керектигин Ислам университенини ректору Марс Ибраев баяндайт.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Орозо айт майрамында балдарга белек берип, сейил бактарында эс алуу жакшы болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ислам университетинин ректору Марс Ибраев билдирди. 

Эске сала кетсек, быйыл Орозо айт майрамы 5-июль күнү өтмөй болду. 

"Орозо айт мусулмандардын эң кадырлуу майрамынын бири болуп саналат. Андыктан өзгөчө майрамдоо керек. Эртең айт деген кечти ибадат менен өткөрүү туура болот", — деди Ибраев.

Кадыр түнүн тосуу. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ал айт күнү орозо кармалбай турганын кошумчалады. 

"Бул күнү айт намазга чейин таттуулардан ооз тийип, таза кийимдерди кийип, айт намазына баруу керек. Колдон келсе чөнтөккө момпосуйларды салып алып, жетимдерге берсе жакшы болот. Айт намазын окуу үчүн бизде көптөгөн адамдар келишет. Бул чоң бакыт. Канчалаган улуттун өкүлдөрүнүн башы биригет", — деди аалым.

Ал намаздан кийин кошуналардан баштап туугандардын үйүнө чейин барып, оорулуулардан абалын суроо зарыл экенин белгилеп, мүмкүнчүлүк болсо ак дасторкон жайган да жакшы болорун кошумчалады. 

"Бул күнү урушкандар жарашып, капа болуп жүргөндөр кечиришкени дурус. Негизи бул — ынтымактын майрамы. Ооругандардын абалын сурап коюу дурус болот", — деди ректор. 

Ибраев жети үйгө баруу керек деген түшүнүк динде жок экенин кошумчалады.

1137
Белгилер:
орозо айт, Айт намаз, ислам
Тема:
Орозо — 2016 (30)
Тема боюнча
Орозо айт 5-июлга белгиленди. Эмки шейшемби — дем алыш
Орозо күнү эң узак болгон өлкөлөрдөгү кыргыздар кантип жатат
Вид на перевал Тоо-Ашуу на автодороге Бишкек-Ош

Жол тазалоочу техника жетпейт. Бишкек Ош трассасынын кышка даярдыгы текшерилди

11
Комиссия "Сосновка" постунан "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыккан.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлгөн. Алар Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунан Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыгышкан.

"Текшерүүнүн негизинде бир топ көйгөйлүү маселелер бар экени аныкталган. Алсак, жол тазалоочу, кум чачуучу атайын техника жетишсиз болуп, жолго кум кол менен чачылып жаткан. Айрым жүк ташуучу унаалар кышка даярдыгы жок ашууларда калып калган. Комиссия тамак-аш берилүүчү жана жылына турган пунктулардын да даярдыгын көргөн. Жыйынтыгында "Арал" постундагы жылынуучу пункт кышка толук даяр эместиги аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ айдоочуларга кайрылып, алыс жолго, тоолуу аймактарга чыгарда аба ырайына көңүл бурууну суранды. Ошондой эле зарылчылык жок болсо, шашылыш билдирүү берилгенде жолго чыкпай турууну сунуштаган.

11
Белгилер:
Бишкек – Ош жолу, комиссия, текшерүү, ашуу, жол, унаа, Бишкек, ӨКМ
Тема боюнча
Кыргызстандагы бардык жолчуларга күнү-түнү иштөө милдети жүктөлдү
Бишкектин Коопсуз шаарынын камералары. Архивдик сүрөт

Бишкекте дагы 40 кесилишке "Коопсуз шаардын" камералары коюлат

52
(жаңыланган 10:50 02.12.2020)
Долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн тендерди Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы утуп алган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкекте дагы 40тай жол кесилишине "Коопсуз шаардын" камераларын коюу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Тез жардам унаасы. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ага ылайык, азыркы учурда тийиштүү адистер камера орнотула турган кесилиштерди карап, изилдөөдө. Аппараттар кайсы кесилиштерде пайда болору маалыматта айтылган эмес.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн тендерди Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы утуп алган. Мында өлкөнүн бардык аймактарына камералар коюлат. Жалпы 306 жерге атайын жабдуу орнотулары, анын 266сы стационардык, 40ы көчмө камера боло турганы кошумчаланды.

52
Белгилер:
долбоор, тендер, жол, камера, Бишкек
Тема боюнча
Иши жеңилдеди. Патрулдук милиция айдоочуларды эми планшет менен текшерет
Жээнбаева: "Коопсуз шаар" киргенден бери Бишкекте жол кырсыгы 70%га азайды
Активист: майыптыгы бар адамдар "Коопсуз шаар" сыяктуу системада иштесе болмок