Айт намазы канчада, кантип жана кайсы жерде окулат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАйт намазындагы мусулмандар. Архив
Айт намазындагы мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айт намазын окуу тартибин КМДБнын фатва бөлүмүнүн жетекчиси Рафшан ажы Эратов айтып берди.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-июль күнү белгилене турган болгон Орозо айтта намаз саат 7.30дан 8.10гө чейин окулат. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Бишкекте айт намазга келгендерге муфтий саламдашып үлгүргөн жок - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте айт намазга келгендерге муфтий саламдашып үлгүргөн жок
Маалыматка ылайык, эл саат 06:00дөн баштап чогула баштайт. Ал эми 07:00дө расмий куттуктоолор, кайрылуулар айтылат. 07:30да азан айтылып, Айт намазы сегизде жыйынтыкталат. 

Буга чейин айт намаздары эски аянтта окулуп келген. Быйыл ал жакта оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, майрамдык намаз Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнө чейинки аралыкта болот.

Айт намазынын тартиби тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн жетекчиси Равшан Эратов айтып берди. 

  • Бул күнү эртең менен эртерээк туруп, гусул алуу керек. Эгер гусул болсо даарат алуу зарыл;
  • Намазга жаңы же таза кийим кийип, жыпар жыттардан себинип алуу зарыл;
  • Намаз окулган жерге барып, намазга чейинки баянды угуш керек;
  • Баян учурунда бири-бири менен маектешүүгө тыюу салынат;
  • Жамаат менен намаз окуу.

Эгерде намазга кечигип келгендер болсо ошол жерден намазын баштай берсе болот. Мындан сырткары, айт намазга аны окуу эрежелерин билбегендер да барып, имамды ээрчип окуй берүүсүнө уруксат берилет. 

Орозо айтты белгилөө эрежелерин төмөнкү макаладан окуңуздар>>

 

Жаңылыктар түрмөгү
0