"Тазалык" борбор калааны көрктөндүрүүнү улантып жатат

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекМэриянын "Тазалык" ишканасы борбор калаа Бишкекти көрктөндүрүү иштеринде
Мэриянын Тазалык ишканасы борбор калаа Бишкекти көрктөндүрүү иштеринде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык иштер күнүгө таң эрте башталууда.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Мэриянын "Тазалык" ишканасы борбор калаа Бишкекти көрктөндүрүү иштерин улантып жатканын муниципалитет билдирди.

Тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Эркиндик бульвары менен Тоголок Молдо гүл багындагы балдар аянтчаларын оңдоп чыгышты - Sputnik Кыргызстан
"Тазалык" шаардагы балдар аянтчаларын оңдоп чыгууда
Маалыматка ылайык, учурда Медеров, Тыныстанов, Москва, Горький, Чолпон-Ата, Орозбеков, Жибек Жолу, Токомбаев, Байтик баатыр көчөлөрүндөгү жол жээкте өскөн бадалдар, чөптөр кыркылып, тазаланып жатат. Иштер таң эртеден башталууда. 

Ал эми көчөлөрдү жууп-тазалоого тогуз атайын унаа тартылган. Муну менен бирге "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери эртең менентен баштап графикке ылайык көчөлөрдү шыпырып тазалоо менен алек.

Жаңылыктар түрмөгү
0