Бүгүн өлкөдө медицинанын мыкты кызматкерлери сыйланат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкери. Архив
Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда бул сапар медициналык кызматкерлердин күнү 3-июлда белгиленет.

БИШКЕК, 1-июл.— Sputnik. Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата эртең республикалык илимий медициналык китепканада "Cаламаттык сактоонун ардактуу кызматкери" төш белгилери жана министрликтин Ардак грамотасы тапшырылат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстанда бул сапар медицина кызматкерлеринин күнү 3-июлга туура келди. Ак халатчандар майрамы июль айынын биринчи жекшембисине белгиленип келет.

Салтанатта 315 дарыгерге "Cаламаттык сактоонун ардактуу кызматкери" төш белгиси берилсе, Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен 156 медицина кызматкерлери сыйланмакчы.

Иш-чарага өкмөттүн, президенттик аппараттын өкүлдөрү, ЖК депутаттары катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0