Автоунаанын алдында турган кыз. Архив

Милиция Ош базарынын жанынан 12 сойкуну кармап кетти

782
(жаңыланган 11:44 01.07.2016)
Бишкекте атайын рейд жүргөн. Буга чейин Бишкек ШИИБдин жетекчиси Самат Курманкуловдун бир апта ичинде шаарды сойкулардан тазалайм деп айтканы бар.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кулиев көчөсү менен Пушкин көчөсүнүн кечилишинде жайгашкан сойкуканалар текшерүүгө алынды. 

Текшерүү учурунда интим кызматын көрсөткөн 12 кыз кармалган. Алардын өздүктөрү такталып, атайын тизмекке киргизилди. 

Буга чейин Бишкек ШИИБдин жетекчиси Самат Курманкуловдун бир апта ичинде шаарды сойкулардан тазалайм деп айтканы бар.

782
Белгилер:
сойкулук, милиция, рейд, текшерүү
Тема боюнча
Сойкулукту соолутуу жөнүндөгү демилгенин ой-чуңкуру. Эксперттер ой толгойт
Снайпер, сойку, стриптизер — "жашыруун" иштеген кыргызстандыктар