Малоизвестных и обязательных для посещения мест Кыргызстана

Ысык-Көл ОИИБ: петроглиф түшүрүлгөн таштар уурдалды делген маалымат такталган жок

79
(жаңыланган 17:25 01.07.2016)
Мындай таштар Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында гана бар экени айтылууда.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Массалык маалымат каражаттырында петроглиф түшүрүлгөн таштар уурдалды делген маалымат такталган жок. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Буга чейин Балыкчы шаарынын 30 чакырым алыс жакта жайгашкан петроглиф тартылган таштар уурдалды деген маалымат тараган. 

"Аталган кабар боюнча иликтөө иштерин жүргүздүк. Таштар уурдалды деген маалымат такталган жок. Учурда облус боюнча Чолпон-Ата шаарында гана тарыхый эстеликтер бар. Алар атайын корукта", — деп айтылат маалыматта. 

Ал ортодо Балыкчы шаардык мэриясына караштуу аппарат бөлүмүнүн башчысы Саламат Мукамбетов дагы уурдалды делген маалымат жок деген жооп узатты. 

"Балыкчы шаарынын тегерегинде петроглиф түшүрүлгөн таштар уурдалды деген билдирүүнү тактай алган жокпуз. Биздин аймакта андай таштар жок. Балким Ысык-Көл районунда болушу мүмкүн. Ошол жак менен байланышкыла", — деди Мукамбетов. 

Ал эми Ысык-Көл районунун акими Раимбек Имангазиев андай кабар жок экенин билдирди. 

"Биздин райондо андай таш жок, Чолпон-Ата шаарында гана бар. Башка петроглиф түшүрүлгөн таштар тууралуу уккан эмес экенмин", — деди аким.

Эске сала кетсек, массалык маалымат каражаттарында тараган кабарда алгач 500 таш табылганы, кийин 150 ташы жоголуп кеткени айтылган. 

79
Белгилер:
петроглиф, таш, уурулук, Балыкчы
Тема боюнча
Күбө: Ысык-Көлгө барчу жолдогу Боом капчыгайын суу каптады
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

359
(жаңыланган 14:26 20.10.2020)
Буга чейин социалдык тармактарда Матраимов фамилиясын өзгөртүп алды делген паспорттун сүрөттөрү жарыяланган.

Маалымат толукталууда

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Райым Матраимов фамилиясын алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнө жеке өзү кайрылган. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматы расмий түрдө билдирди.

Фото паспорта, в котором Райым Матраимов якобы поменял фамилию
фото распространяемое в мессенджерах
Райым Матраимов фамилиясын алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнө жеке өзү кайрылган
“Матраимов Р. Ы. аттуу жаран аты-жөнүн өзгөртүүнү сурап кайрылган. Фамилиясын алмаштыруу процедурасы КР мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлгөн. Ал аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүктү алгандан кийин еID паспортун алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборуна кайрылган. Бирок аталган жаранга документ берүүгө тыюу салуу боюнча чечим бар болгондуктан, ага берүүдөн баш тартышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Мамкаттоо укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунан жогоруда аталган паспорт алынганын белгилейт.

359
Белгилер:
фамилия, паспорт, Райымбек Матраимов
Тема боюнча
Райым Матраимовдун кармалышы. Белгилүү болгон маалыматтар
Райым Матраимов кармалды

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Видео

49
(жаңыланган 14:35 20.10.2020)
Суракматов борбор калааны жетектөөгө мындан эки жыл мурун, 2018-жылы, киришип Албек Ибраимовдун ордуна келген.

Бишкек мэри болуп эки жылдан бери иштеп келе жаткан Азиз Суракматовдун кызматтан кете турганы тууралуу маалымат бүгүн тарады. 

Мэрия шаар башчысы маалымат жыйын өткөрө турганын кабарлаган. 

Sputnik жыйынды түз алып берүүдө

49
Белгилер:
отставка, кызмат, мэр, Бишкек мэриясы, Азиз Суракматов
Тема боюнча
Бишкек мэри Суракматовдун иштен кетери айтылды
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду кармалды

Райым Матраимов кантип колго түшүрүлдү. Сүрөттөр

0
(жаңыланган 14:40 20.10.2020)
УКМК бүгүн түшкө чейин Райым Матраимовду кармаганын айтып, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жүрүп жатканын кошумчалаган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду кармап келе жаткан учурдагы сүрөттөрдү жарыялады.

  • Райымбек Матраимов задержан в Бишкеке сотрудниками ГКНБ КР. 20 октября 2020 года
    УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду кармап келе жаткан учурдагы сүрөттөрдү жарыялады
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Райымбек Матраимов вместе с супругой Амандой Матраимовой задержан в Бишкеке сотрудниками ГКНБ КР. 20 октября 2020 года
    Кадрларда анын колуна кишен салып, андан соң бир нече адам коштоп басып келе жатканын көрүүгө болот
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Райымбек Матраимов задержан в Бишкеке сотрудниками ГКНБ КР. 20 октября 2020 года
    УКМК бүгүн түшкө чейин Райым Матраимовду кармаганын айтып, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жүрүп жатканын кошумчалаган. Ал бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду кармап келе жаткан учурдагы сүрөттөрдү жарыялады

Кадрларда анын колуна кишен салып, андан соң бир нече адам коштоп басып келе жатканын көрүүгө болот.

УКМК бүгүн түшкө чейин Райым Матраимовду кармаганын айтып, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жүрүп жатканын кошумчалаган. Ал бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча кармалды.

0
Белгилер:
Сүрөт, УКМК, Райымбек Матраимов
Тема боюнча
Райым Матраимов кармалды